Журналисттер, жарандык коом жана эл аралык коомчулук кабарлагандай, Кыргызстанда жек көрүүчү маанайда айтылган риторика (“кастык тили”) көбөйдү. Бул айрыкча Интернетте журналисттерге карата онлайн куугунтуктоо жана опузалоо түрүндө байкалууда, бирок жарандык коомдун өкүлдөрү, юристтер жана саясий талапкерлер да бутага алынган учурлар аз эмес. Мындан тышкары, “кастык тили” жөнүндө жоболорду камтыган Кыргызстандын мыйзамдары сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт жана өлчөмдөш болбогон санкциялар менен чектөөчү чараларды караштырат.

#ChallengeHate – бул Кыргызстандагы Медиа Диалог долбоорунун алкагында АРТИКЛЬ 19дун өнөктүгү. Бул өнөктүк “кастык тилине” байланышкан эл аралык стандарттар жөнүндө, ошондой эле аларды “кастык тилин” аныктоо үчүн кантип колдонсо болору, ага каршы оң натыйжалуу чараларды кантип көрсө болору тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Европа Биримдиги каржылаган Медиа Диалог долбоору беш уюмдан турган консорциум тарабынан ишке ашырылууда. Алар: Демократия үчүн Вестминстер фонду, Медиа Полиси Институту, АРТИКЛЬ 19, Европалык жергиликтүү демократия бирикмеси жана консорциумдун башында турган Демократия үчүн европалык өнөктөштүк.

Факттар

Факт: Кыргызстандагы “кастык тили”

Акыркы бир нече жылдын ичинде Кыргызстанда жек көрүүчү маанайда айтылган риторика (“кастык тили”) көбөйдү. Жалпыга маалымдоо каражаттары, айрыкча иликтөөчү журналисттер, ошондой эле жарандык коом, юристтер жана саясатчылар бутага алынууда. Ошол эле учурда, мыйзамсыз “кастык тилине” каршы күрөшүүгө багытталган колдонуудагы мыйзамдар сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык стандарттарга карама-каршы келет.

Факт: “Кастык тили” адамдарга жана коомдорго зыян келтирет

“Кастык тили” адамдар ким болгонуна жараша багытталат. Анын үстүнө мындай билдирүүлөр зомбулукка шыкактап, кимге багытталса, ошол адамдарга физикалык жана психологиялык зыян келтириши мүмкүн. Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка үндөөгө жол берилбеши керек жана мындай иш-аракеттер чектелүүгө тийиш.

Факт: “Кастык тилине” карата мамлекеттик чаралар

Өкмөттөр басмырлоого, кастыкка же зордук-зомбулукка шыкактаган басмырлоочу жек көрүүчүлүктү үгүттөөгө тыюу салышы керек жана “кастык тилине” каршы жигердүү күрөшүүгө тийиш. Бирок, адамдарды басмырлоодон жана басмырлаган зомбулуктан коргой турган ар кандай чектөөлөр мыйзамдар менен каралып, өлчөмдөш болушу керек.

Факт: Мындай көрүнүштөрдү көбүрөөк ачыкка чыгаруу менен “кастык тилине” каршы тура алабыз

“Кастык тилине” жөн гана тыюу салып коюу аны адамдар эмне үчүн колдонгонун, ушул терс көрүнүштүн түпкү себептерин түшүнүүнү кыйындатат. Өкмөттүн дарегине каршы же сын пикирин айткандардын оозун жабуу, же жазалоо үчүн кеңири жана бүдөмүк чечмеленген “кастык тилине” тыюу салууну колдонуу оңой жана жөнөкөй жол болот. Бирок, акыры, биз диалогду жайылтуу жана көбүрөөк ачыкка чыгаруу менен “кастык тилине” каршы натыйжалуу күрөшө алабыз.

“Кастык тили” кыйратуучу мүнөзгө ээ. Ага каршы күрөшүү үчүн төмөнкүлөрдү жасай аласыз:

“Кастык тилинин” категорияларын түшүнүп алыңыз;

Коркуу, сабатсыздык, туура эмес маалымат, басмырлоо же күнөөнү башкаларга оодара салуу (садага чабуу) “кастык тилине” алып келип, теңсиздикти күчөтүп, башкаларга зыян келтирерине сын көз менен баа бериңиз;

Алгылыктуу билдирүүлөр (бийликтегилерге карата сын сөздөр) менен жек көрүүнү козуткан сөздөрдү ажырата билиңиз;

Кандай сөздөрдү чектесе болоорун аныктап алыңыз.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” деген эмне, анын максаты ким жана анын категориялары кандай экендигин түшүнүү үчүн АРТИКЛЬ 19дун орус жана кыргыз тилдериндеги сайтын ачып, #ChallengeHate деп издеп көрүңүз.

View More

Жек көрүү темасына сынчыл маанайда ой жүгүртүү

Жек көрүүнү жана “кастык тилин” эмнелер жаратат, стереотиптер, бир жактуулук жана басмырлоонун ортосунда кандай айырмачылыктар бар экендигин, жалпыга маалымдоо каражаттары жана саясатчылар күнөөнү адамдарга жана жамааттарга оодарбоо үчүн, аларды адам катарынан чыгарбоо үчүн кандай жоопкерчиликти алышарын ойлонуп көрүңүз.

View More

Сиздин өкмөт сынды “кастык тили” деп кабыл алса эмне болот?

Өкмөттүн, саясатчылардын, диндин же желектердин дарегине айтылган сынды “кастык тили” деп аныктаса болобу? Өкмөттөрдүн жоопкерчилигин камсыз кылууда жана туура демократияга жетишүүдө макул болбоо канчалык чечүү ролду ойной турганын эске алыңыз.

View More

Пикир билдирүү эркиндигине болгон укукту качан чектөөгө болот?

Пикир билдирүү эркиндиги – бул демократиянын пульсу болгондуктан, “кастык тилине” чектөө дайыма так аныкталууга тийиш. “Кастык тилин” анын оордугуна жараша кандайча классификациялаш керектигин билип алыңыз жана анын кайсы түрлөрүн чектөө керектигин аныктоо үчүн үч жана алты бөлүктөн турган тесттерибизден өтүңүз.

View More

Кантип жек көрүүгө каршы чыга алабыз?

“Кастык тилине” цензура киргизүү менен жек көрүүнү чындап токтотууга болобу? Же туруктуулугубузду арттырып, бири-бирибизди коргой алышыбыз үчүн, бизге сапаттуу билим, көбүрөөк талкуулар жана плюралисттик жалпыга маалымдоо каражаттары керек. Өкмөтүңүз эмне кылышы керектигин, жалпыга маалымдоо каражаттары эмне үчүн жооптуу экендигин жана талаптагыдай жүрүм-турумду калыптандырып, жек көрүү менен күрөшүү үчүн кандай практикалык кадамдарды жасоого боло тургандыгын билип алыңыз.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн

View More

Эскертүү

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.

kyrgz logo