HRC45: Кыргызстан боюнча Универсалдуу мезгилдүү серептин жыйынтыктары

HRC45: Кыргызстан боюнча Универсалдуу мезгилдүү серептин жыйынтыктары - Civic Space

Summary

Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган сунуштарга жооп катары Медиа Полис Институтунун жана Артикль 19дун билдирүүсү

УПОнун алкагындагы Кыргызстан боюнча жасалган үчүнчү сереп өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу тынчсыздануу күчөп жаткан шартта жүргүзүлдү. КОВИД-19га жооп иретинде киргизилген өзгөчө кырдаал режиминде Интернеттеги сөз эркиндигин көзөмөлдөө жана чектөө аракеттерине, анын ичинде 2020-жылдын июнь айында «Маалыматтык манипуляция жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына биз абдан тынчсыздануудабыз. Ошондой эле акыркы айларда социалдык желелерде бийликти мыйзамдуу сынга алгандыгы үчүн суракка чакырылган көз карандысыз журналисттер менен медиа уюмдардын саны көбөйгөнүнө күбө болдук.

Биз журналисттерди коргоону күчөтүү жана онлайн жана оффлайн режиминдеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштардын кабыл алынышын кубаттайбыз. Кыргыз Өкмөтүн аталган сунуштарды толугу менен ишке ашырууга чакырабыз.

Ошондой эле Кыргызстандын Өкмөтү экстремизмди, терроризмди туура эмес пайдалануунун, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана сын-пикирлерге каршы тукуруу жана каралоо мыйзамдарын алдын алуу боюнча сунуштардын бир бөлүгүн кабыл алгандыгын дагы колдоого алабыз. Бирок биз «Экстремисттик иш-аракеттерге каршы иш жүргүзүү жөнүндө» мыйзамдагы экстремизмдин бүдөмүк жана кеңири аныктамаларын өзгөртүү боюнча Даниянын сунушунун четке кагылгандыгын тынчсыздануу менен белгилейбиз. Ведомстволор аралык жумушчу топту бул мыйзамдын жаңы редакциясын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга толугу менен шайкеш келтирүүгө чакырабыз.

Ошондой эле, Кыргызстан Жазык кодексинин 313-беренесине тукуруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча сунушту (Эстония) ачык эле кабыл албагандыгына мурдагыдай эле катуу кабатырланып жатабыз. 313-беренеде “козутуу” менен байланышкан кылмыштар үчүн кеминде 5,5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралып, биринчи жолу жасалган кылмыштар үчүн жеңилирээк санкциялар каралган эмес. Адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамга карама-каршы келген санкциялардын аткарылышында билдирүүлөрдүн же иш-аракеттердин кесепеттерин же алардын тукуруу чегине жеткендиги эске алынбаган. Бул жобо жек көрүүчүлүккө үндөө менен күрөшүү максатында эмес, тыюу салынган темалардагы ачык дебаттарды жана талкууларды цензуралоо үчүн колдонулат. Жек көрүүчүлүктү козутуу далилди жана мындай аракеттер зомбулукту пайда кылуу ыктымалдыгын талап кыла тургандыгын так көрсөтүү, ошондой эле ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө өлчөмдөш санкциялардын колдонулушу үчүн биз бул мыйзамды кайрадан карап чыгууга чакырабыз.

Биз УПОнун сунуштарын ишке ашыруу алкагында, айрыкча КОВИД-19га жооп чаралардын ушул сунуштарга шайкеш келишин камсыздоо үчүн, Кыргызстандын Өкмөтү менен жарандык коомдун ортосунда  диалог жүргүзүлүшүн колдойбуз. Шайлоонун жана КОВИД-19га карата чара көрүү менен байланышкан көйгөйлөрдүн контекстинде, УПОнун сөз жана маалымат эркиндиги боюнча сунуштары учурда Кыргызстандагы эркиндикти жана демократияны бекемдөө үчүн абдан маанилүү деп эсептейбиз.

Бул басылма Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен которулду. Анын мазмуну үчүн АРТИКЛЬ19 менен «Медиа Диалог» долбоору гана жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө элечагылдыра бербейт.