Интернетте журналист аялдарга асылуу жана зомбулук

Онлайн-зомбулуктун аныктамасы

Интернеттеги зомбулукка жооп чаралар

АРТИКЛЬ 19 сөз эркиндигинин эл аралык стандарттары жана кепилдиктери чыңалууну жөнгө салууга жана аялдардын сөз эркиндигине жана маалымат эркиндигине, ошондой эле тең мамилеге болгон укуктарын мүмкүн болушунча пайдаланууга негиз түзөт деп эсептейт. Бул көйгөйлөрдү чечүүнүн универсалдуу жолу бар деп ойлобойбуз. Адам укуктарын коргоодогу саясий милдеттенмелерди, бекем укуктук жана саясий базаны, ар тараптуу жана ресурстар менен ишке ашырууну айкалыштырган бирдиктүү мамиле керек.

АРТИКЛЬ 19дун маалыматтык материалдарында Интернетте журналист аялдарга карата асылууга жана онлайн зомбулукка каршы күрөштүн ыкмалары сунушталат:

• Биринчи документте мамлекеттердин адам укугун коргоо жаатындагы эл аралык стандарттардын негизинде адамдардын пикир билдирүү укугун коргоо жана колдоо, гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп, жүзөгө ашыруу милдеттенмеси каралат;
• Экинчи документ үч социалдык медиа компаниянын саясатын жана практикасын, алардын платформаларында аялдарга карата онлайн асылууга жана зомбулукка каршы күрөшүүдөгү алардын ролун караштырат;
• Үчүнчү документ Интернеттеги журналист аялдарга асылууга жана зомбулукка каршы күрөшүү, ошондой эле Интернеттеги куугунтуктоо жана кыянаттык менен пайдалануу учурларын натыйжалуу тергөө боюнча мамлекеттердин милдеттенмелеринин көлөмүн изилдейт.

Бул материалдарда сөз эркиндигин жана тең укуктуулукту илгерилетүү боюнча координацияланган жана максаттуу иш-аракеттер адам укуктары жүзөгө ашырыла турган толеранттуу, плюралисттик жана көп түрдүү демократиялык коомду куруу үчүн зарыл деген принцип жетекчиликке алынган.
Бул маалыматтык документтер гендердик басмырлоого, сөз эркиндигин бузууга, Интернеттеги жана анын сыртындагы кодулоого каршы аракеттенүү боюнча колдонмо катары аялдардын укугу үчүн күрөшкөндөргө жана сөз эркиндигин коргоочуларга колдоо көрсөтөт деп ишенебиз.

Пикир айтуу эркиндигин жана
гендерлик теңчиликти коргоо:
укуктардын комплекстүү корголушун
камсыздоо
Интернетте жана негизги социалдык
тармактарда журналист аялдарга
асылуу жана опузалоо
Интернетте журналист
аялдарга асылуу жана
опузалоо иштерин тергөө

Пикирин билдирүү эркиндиги жана Интернет аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө негизги мааниге ээ

Аялдарга карата зомбулукту токтотуунун эл аралык күнүндө АРТИКЛЬ 19дун Гендер жана жыныстык ориентация маселелери боюнча бөлүм башчысы Джуди Тэйнг Интернетте эркиндикти камсыз кылып, анын кыянаттык менен колдонулушуна жол бербөө аялдарга карата зомбулукту болтурбоо боюнча иш-аракеттерде өтө чоң мааниге ээ экенин белгилейт.


 Бул басылма Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен которулду. Анын мазмуну үчүн АРТИКЛЬ 19 гана жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.