Кыргызстан: пикир айтуу эркиндиги жана “экстремизм”

Кыргызстан: пикир айтуу эркиндиги  жана “экстремизм” - Protection

Бул отчётто АРТИКЛЬ 19 жана Медиа Полиси Институту Кыргызстандын “экстремисттик” мазмун жөнүндөгү мыйзамын, атап айтканда, “кастык тили” деп аталуучу чектөөлөрдү жана ушул мыйзамдын практика жүзүндө колдонулушун изилдешет.

 

 

 

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстандын өкмөтү да “экстремизмге” каршы күрөш боюнча мыйзамдарды жана мыйзам актыларын иштеп чыгып, кабыл алган. АРТИКЛЬ 19 жана Медиа Полиси Институту улуттук мыйзамдарда да, алардын колдонулушун камсыздоодо да бир нече орчундуу көйгөй бар экенин белгилешет. Терминдердин өтө эле бүдөмүк колдонулушунан улам мыйзам аябай кеӊири чечмеленип, чаржайыт колдонулушу ыктымал. Айрыкча оор жаза каралган учурларда мыйзамдын колдонулушу кооптуу. АРТИКЛЬ 19 жана Медиа Полиси Институту колдонуудагы мыйзамдар азыркы турушунда Кыргызстандын Конституциясынын 31-беренесиндеги талаптарга да, мамлекеттин адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине да туура келбейт деп эсептешет.

Бул отчётто АРТИКЛЬ 19 жана Медиа Полиси Институту ушул мыйзамдардын практикада кандай колдонулуп жатканына мисал катары “Сентябрь ТВ” ишин тематикалык изилдөөгө алышат. 2018-жылы августта бул каналдан берилген маек “экстремисттик материал” деп бааланды. Бул негиз менен Бишкектин райондук соту каналдын ишин токтотуу жана ал чыгарган программалардын баарын башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтууга тыюу салуу жөнүндө башкы прокурордун өтүнмөсүн канааттандырды. Бул мисал “экстремисттик” контент жөнүндө мыйзамдар кантип пикир айтуу эркиндигин катуу чектеп коюуга алып келиши мүмкүн экендигин көрсөтүп турат. АРТИКЛЬ 19 жана Медиа Полиси Институту мындай чечимдер өтө кеӊири колдонулуучу жана пикир айтуу эркиндигин жетишсиз коргогон “экстремисттик” мыйзамдардын айынан чыгарыларын баса белгилешет.

Түйүндүү сунуштар.

– Өкмөт “экстремизмге” жана “кастык тилине” каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарын тез арада кайра карап чыгып, сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына толугу менен шайкеш келтириши керек. “Экстремизмге каршы” мыйзамдар азыркы турушунда жокко чыгарылышы кажет. Атап айтканда, Жазык кодексинин 313-беренесинин жана 314-беренесинин жоболорун олуттуу түрдө оӊдоп, 315-беренесин алып салуу зарыл.

– Тийиштүү мыйзамдардын баарында “кастык тилинин” тыюу салынган формаларын ырааттуу аныктап, терминдерди бирдей колдонуу зарыл. Буга корголуучу мүнөздөмөлөргө ырааттуу жасалган мамиле да кирет.

– “Кастык тилине” тиешелүү укуктук чектөөлөрдүн баары мыйзамдуулуктун (б.а. жетиштүү деӊгээлде түшүнүктүү жана так болууга тийиш), зарылдыктын (б.а. эл аралык укукка ылайык пикир айтуу эркиндигин чектөөнүн укук ченемдүү максаттарынын бирине жетишүү үчүн, мисалы, башкалардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болууга тийиш), өлчөмдөштүктүн (б.а. конкреттүү чектөөлөр башка чектөө аздык кылган учурларда гана киргизилиши мүмкүн) талаптарына туура келиши кажет. “Кастык тилине” карата юридикалык чектөөлөрдүн баары Рабат иш-аракеттер планында белгиленген алты факторлук текшерүүгө шилтеме жасоо менен таризделиши керек.

– “Кастык тилине” байланыштуу жарандык мыйзамдарга ылайык зыяндын ордун толтуруу чарасы жазык жазаларына альтернатива катары кыйла аз чектеген чара катары (уюм же жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) болсо, жазык сымал чаралардын, мисалы, жаап салуу же ишин токтотуп коюу чарасынын ордуна) колдонулушу керек. Буга “кастык тилинен” жабыр тарткандар менен бейөкмөт уюмдар (БӨУ) үчүн материалдык жана материалдык эмес зыяндын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү, түзөтүү жана жооп берүү (эгер “кастык тили” ЖМКда болсо) жана/же жарыя кечирим суратуу чаралары кирет.

– Соттор “кастык тилин” жана “экстремизмди” чектөөчү бардык мыйзам жоболорун адам укуктары жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык чечмелеп, колдонушу керек. Кайсы бир ырастоо тыюу салынган категорияга камтыларын аныктаганда, анализ эч качан ошол ырастоонун туюнтмасы менен эле чектелип калбоого тийиш. “Кастык тили” жөнүндөгү иштерди тергөөгө жооптуу соттор жана укук сактоо органдары дайыма сөз ээсинин тыюу салынган
натыйжага түрткү берүү ниетин аныкташы кажет. Мындан тышкары, алар дайыма билдирүү аркылуу зыян келтирүү ыктымалдыгын эске алып, бул максатта сөздүн кандай жагдайда айтылгандыгын, масштабын, ошондой эле сөз ээсинин абалын, кадыр-баркын жана элге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн аныкташы керек.

– Соттор жана укук сактоо органдары “кастык тилине” байланышкан иштерде эксперттердин баасына мүмкүн болушунча азыраак таянышы кажет. Алар конкреттүү далилдерди чечмелөө же баалоо үчүн атайын билимдер чын эле зарыл болгон учурларда гана эксперттерге кайрылууга тийиш. Соттор эч качан өз пикирин сырткы экспертиза менен алмаштырып салбашы керек.
– Судьялар, укук сактоо органдарынын кызматкерлери жана башка тиешелүү кызмат адамдары (мисалы, ЖМК ишмердигин жөнгө салууга катышуучулар) адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттар жана “кастык тилине” тиешелүү алдыӊкы тажрыйбаны салыштырып иликтөө боюнча ар тараптуу, туруктуу даярдыктан өтүп турушу керек.

– Укук сактоо органдары эксперттер жана жарандык коом менен биргеликте “кастык тили” жөнүндөгү иштер боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келгидей негизги принциптерин иштеп чыгууга тийиш.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында которулду.Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдөэле чагылдыра бербейт.