Кастык тилин» түшүнүү: тажрыйбалык окуу китеби

Кастык тилин» түшүнүү: тажрыйбалык окуу китеби - Civic Space

Бул окуу куралы эмнеге багытталган?

Ушул АРТИКЛЬ 19 тажрыйбалык окуу куралы өз пикирин жана тең укуктуулукту билдирүүнү коштоочу «кастык тилин» аныктоо жана ага натыйжалуу каршылык көрсөтүү боюнча колдонмо сунуштайт. Окуу куралы «кастык тили» адам укугу системасынын контекстинде жаратып келген «кастык тилин» кантип аныктап, чакырыктарга кандай реакция жасоо керек деген керектөөлөргө так-даана түшүндүрмө берет.

Окуу куралы үч негизги маселени карайт:

  1. Чектөөгө тийиштүү мүмкүн болуучу «кастык тилин» кантип аныктоо керек жана аны коргоо үчүн тийиштүү пикир билдирүүлөрдөн кантип айырмаласа болот?
  2. «Кастык тилине» каршы таасир этүүчү кандай позитивдүү чараларды мамлекеттер жана башка субъектилер көрө алышат?
  3. «Кастык тилинин» кандай категорияларына жана кандай шарттарда мамлекет тарабынан тыюу салынуусу керек?

Ушул колдонмо өз пикирин эркин билдирүүгө жана тең укуктуулукту коргоо боюнча максаттуу жана координацияланган иш-аракеттер, ар бири адамдын бардык укуктарын ишке ашыра алган толеранттуу, плюралисттик жана көп кырдуу демократиялык коомду түзүүдө чечүүчү ролду ойной турган принципке негизделет. Колдонмо АРТИКЛЬ 19 уюмунун ушул тармакта болгон саясий ишин чагылдырат жана өнүктүрөт.

Окуу куралы төмөнкүчө уюшулган:

Биринчи кезекте биз эл аралык укукта «кастык тилине» берилген бирдиктүү аныктама жок экенин белгилеп кеткибиз келет, бул көбүрөөк билдирүүлөрдүн кеңири спектрин камтыган жалпы түшүнүк. Окуу куралы адам укуктары тармагындагы мамлекеттердин эл аралык укуктук милдеттенмелерине таянып, «кастык тилинин» олуттуулугунун даражасына ылайык анын түрдүү формаларын аныктап жана айырмалоо үчүн типологияны сунуштайт (I бөлүм).

  • Андан кийин биз мамлекеттер жана айрым кызыкчылыгы бар жактар пикирин эркин билдирүү жана тең укуктуулук үчүн көрүлүүчү саясий чаралар боюнча рекомендация- ларды сунуштайбыз, ошону менен, «кастык тилинин» түпкүлүгүндөгү себептерине таасир этүү үчүн, ошол эле маалда ага каршылык көрсөтүү үчүн максималдуу шарттарды түзүү үчүн (II бөлүм).
  • Акырында, биз, мамлекет эл аралык укукка ылайык олуттуулугу көбүрөөк болгон «кастык тилинин» формаларына, ошондой эле кырдаалдарга тыюу салууга милдеттүү болгон өзгөчө кырдаалдардын чегин аныктайбыз, анда эл аралык укукка ылайык мамлекет «кастык тилин» башка жолдор аркылуу да чектей алат. Бул мындай тыюуларды кыянаттык менен пайдалануудан кантип алыс болуу керек жана санкциялар колдонулган учурда алар негизделген жана шайкеш болуусун камсыздоо боюнча рекомендацияларды камтыйт, ошондой эле курмандыктарга колдоо көрсөтүп келтирилген зыяндын ордун толтуруусун камсыздайт (III бөлүм).

АРТИКЛЬ 19 адам укугу тармагындагы эл аралык укуктун «кастык тилине» тиешелүү чара көрүлүүсүн камсыздаганын өтө олуттуу деп эсептейт. Кимдир бирѳѳнүн сезимдерине же намысына тийген пикирлерди цензурага салган тыюулар теңчиликти кол- доо жагынан алганда натыйжага каршы, себеби алар «кастык тилин» мотивациялаган тескери ой жүгүртүүнүн социалдык тамырына багытталган эмес. Көпчүлүк учурда бири-бирин түшүнүүнү жана сабырдуулукту жогорулатуучу позитивдүү чаралар теңчиликке жардам көрсөтүүдө цензурага караганда ийгиликтүүрөөк болот.

Ушул окуу куралы акыркы версия болуп саналбайт, бул тармактагы өнүгүп келе жаткан соттук системаны жана алдыңкы тажрыйбалардын мисалдарын чагылдырып, тынымсыз жаңыланып турат.

Куралдар топтомун үйрөтүңүз

Posted In