Event: “Challenge Hate” конференциясына, Кыргызстан

Event: “Challenge Hate” конференциясына, Кыргызстан - Civic Space

Сүрөтчү: Алина Печенкина

АРТИКЛЬ 19 сизди 28-29-30-июнь күндөрү “Challenge Hate” конференциясына катышууга чакырат. Бул конференция Интернеттеги “кастык тилин” аныктоого жана аны менен күрөшүүгө арналган. Конференциядагы сессиялар “кастык тили” жаатындагы эл аралык стандарттарды, анын мамлекет тарабынан да, социалдык медиа платформалар тарабынан да жөнгө салынышын изилдейт, ошондой эле мониторинг, өзүн өзү жөнгө салуу жана жаш активисттерди тартуу боюнча панелдик талкууларды камтыйт.

Конференция Кыргызстандагы Медиа Диалог долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылайт. Бул долбоор беш уюмдан турган консорциум тарабынан ишке ашырылып келүүдө. Алар: Медиа Полиси Институту, Демократия үчүн Вестминстер фонду, Европалык жергиликтүү демократия ассоциациясы, АРТИКЛЬ 19 жана консорциумдун башында турган Демократия үчүн европалык өнөктөштүк.

Иш-чаралардын сааты Бишкектин (Кыргызстан) убактысы менен көрсөтүлдү

Дүйшөмбү, 28-июнь

12:00-14:00 Кириш семинар: АРТИКЛЬ 19дун “Кастык тилин” түшүнүү” аттуу тажрыйбалык окуу китеби.

15:00-17:00 Адам укуктарын кыйгап өтүү: Онлайн-контентти модерациялоо

18:00-20:00 Интернеттеги “кастык тилин” мамлекет тарабынан жөнгө салуу аракеттери

Шейшемби, 29-июнь

15:00-17:00 Социалдык тармактар кеңешинин модели

18:00-20:00 Шайлоо контекстинен алганда Интернетте “кастык тилине” мониторинг жүргүзүү

Шаршемби, 30-июнь

12:00-14:00 Интернеттеги “кастык тили” жана маалыматты бурмалоо маселелери боюнча жаштар жана саясатчылар менен иштешүү

15:00-17:00, ЖМКнын өзүн-өзү жөнгө салуусу жана Интернеттеги “кастык тили”

18:00-20:00 Кыргызстан үчүн кийинки кадамдар

 

 

Бул иш-чара Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Иш-чаранын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.