АРТИКЛЬ 19 Жалган маалымат жөнүндө Мыйзамдын кайра каралган долбоорун четке кагууну колдойт

АРТИКЛЬ 19 Жалган маалымат жөнүндө Мыйзамдын кайра каралган долбоорун четке кагууну колдойт - Digital

2021-жылдын 30-июнунда Кыргызстандын парламенти “Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө” кайра каралган мыйзам долбоорун четке какты. АРТИКЛЬ 19 бул кадамды колдойт, анткени долбоор Кыргызстанда Интернетте пикир билдирүү эркиндигине олуттуу коркунуч туудурат. Бирок, бизди добуш берген депутаттардын көпчүлүгү мыйзамды колдоп бергени мурдагыдай эле тынчсыздандырууну жаратып жатат. Биз өкмөттү бардык мыйзамдарды сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүнү камсыз кылууга чакырабыз.

Маселенин чоо-жайы

2020-жылдын июнь айында катталган “Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын мурунку долбоорунун кайра каралып чыккан варианты. Мыйзам “жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылган жалган же такталбаган маалыматтардан коргоо” максатында иштелип чыкканы айтылган. АРТИКЛЬ 19 2020-жылдын июль айында мыйзам долбоорунун баштапкы версиясы жөнүндө пикирин билдирген. Мыйзам долбоору бир катар бүдөмүк жана өтө эле кенен формулировкаларды камтыганына, бийликке кандайдыр бир талаптагыдай укуктук жол-жоболорсуз социалдык тармактарда аккаунттарды жана Интернет сайттарын тосмолоого укук бергендигине тынчсыздануубузду билдирдик. Ошондой эле Мыйзам долбоору Интернет-провайдерлерден алты ай бою колдонуучулардын маалыматтарын, анын ичинде сүрөттөрдү, аудио жана видеолорду сактоону, ал маалыматтарды мамлекеттик органдар сураганда бөлүшүп турууну талап кылат.

Ошондой эле АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандын бийлиги Мыйзамдын негиздемесинде башка өлкөлөрдүн бир катар мыйзамдарына жана мыйзам чыгаруу сунуштарына шилтеме бергенин тынчсыздануу менен белгилейт. Аларга Улуу Британиянын “Интернеттеги зыян тууралуу” “Ак китеби”, Франциянын “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамы жана Германиянын “Социалдык тармактарда колдонуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамды колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу тууралуу мыйзам чыгаруу актысы (ал NetzDG катары да белгилүү) кирет. Ушул мыйзамдардын эч бири сөз эркиндиги боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп бербегендиктен, алар өлкөдө жаңы мыйзамдар үчүн негиз катары колдонулбашы керек.

2020-жылдын июль айында жарандык коомдун нааразычылыгына карабастан, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок, 2020-жылы августта ага президент кол койбостон, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн парламентке  кайтарган, натыйжада мыйзам күчүнө кирген эмес.

2021-жылдын 31-майында Мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлүп, ал 2021-жылдын 28-июнунда Парламенттин комитети тарабынан “Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө” деген жаңы аталыш менен кабыл алынган. Мыйзам долбоорунун авторлору адамдын маалыматка болгон укугун коргоо максатын көздөгөнүн айтышат. Парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин өз демилгеси менен Telegram каналына гана жайгаштырган жана парламенттин сайтында коомдук кеңешүү үчүн жарыяланбаган мыйзамдын жаңы редакциясы 2021-жылдын 21-июнунда гана парламентке киргизилген.

2021-жылдын 30-июнунда Мыйзам долбоорунун макулдашылган жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште (Кыргызстандын парламентинде) каралып, 59 депутат колдоп, 38 депутат каршы добуш берген, бирок мыйзам долбоору кабыл алынган эмес, анткени Мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн 61 добуш талап кылынган. Ошол эле күнү кечинде Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарап кеткен.

АРТИКЛЬ 19дун Мыйзам долбооруна тынчсыздануусу

АРТИКЛЬ 19 Бекешев мырзанын Telegram-каналы аркылуу алган мыйзам долбоорунда пикир билдирүү эркиндиги жаатында эл аралык стандарттарга жооп бербеген бир топ көйгөйлүү жоболор камтылган. Атап айтканда, биз төмөнкүлөрдү белгилегибиз келет:

Мыйзам долбоору де-факто Интернетте жалаа жабуу жөнүндө мыйзам болуп саналат

Мыйзам долбоорунун аталышы ал жалган маалыматтардан коргой тургандыгын билдирет. Бирок, чындыгында, ал Интернетте жалаа жабууну – жеке же юридикалык жактын ар-намысына жана кадыр-баркына же аброюна шек келтирген, билип туруп жалган маалыматтарды жайылтууну камтыйт. Ошентип, Мыйзам долбоорунун чыныгы максаты башынан эле түшүнүксүз болуп, жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын олуттуу тынчсыздануусун жаратты. Алар Мыйзам долбоору саясатчыларды мыйзамдуу сындардан коргойт деп божомолдошууда. Жалган жалаа жабуу жөнүндө тийиштүү жоболор Кыргызстандын жарандык мыйзамдарында мурунтан эле бар экендигин жана соттордо жарандык доолордун объектиси болгонун эске алганда, долбоор өтө эле ашкере сезилет. Мыйзам долбоору сот адилеттиги системасын буйтап өтүп, жалган жалаа жөнүндө арыздарды кароо үчүн де-факто административдик жол-жобону түзөт.

Жалганчылык сөз эркиндигин чектөө үчүн укуктук негиз болуп саналбайт

АРТИКЛЬ 19 “жалган маалымат”, “маалыматты бурмалоо” жана “фейк кабарлар” – булар адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарда аныктамасы болбогон терминдер экендигин кайталайт. Адамдарды “жалган маалыматтардан” коргоо Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пакттын (ЖСУЭП) 19 (3)-беренесине ылайык пикир билдирүү эркиндигине болгон чектөөлөрдү актоо үчүн мыйзамдуу максат болуп саналбайт.

Пикир билдирүү эркиндиги маселелери боюнча төрт Атайын баяндамачы 2017-жылдагы Биргелешкен декларациясында “фейк кабарлар” деген сөздү жалпыга маалымдоо каражаттарын жана пикирин эркин айткан адамдарды каралап, сестендирүү үчүн бийликтеги адамдар барган сайын көбүрөөк колдонуп жатканын, бул болсо ЖМКны жана эркин адамдарды чоң тобокелдикке салып, коомдо ЖМКга болгон ишенимди жок кылып жатканын белгилешкен. “Адамдын маалымат жана идеяларды таратуу укугу “туура” билдирүүлөр менен гана чектелбейт [жана] бул укук ошондой эле шок кылып, таарынтып, тынчсызданууну пайда кылышы мүмкүн болгон маалыматтарды жана идеяларды коргоону да билдирет” деген нерсе маанилүү принципиалдуу учур бойдон калууда. Төрт Атайын баяндамачы “бүдөмүк жана эки ача ойду берген идеяларга негизделген маалыматтарды жайылтууга жалпы тыюу салуу, анын ичинде “фейк кабарларга” же “бир тараптуу маалыматтарга” тыюу салуу пикир билдирүү эркиндигин чектөө боюнча эл аралык эрежелерге каршы келет” деп түшүндүрүштү.

Өтө ашыкча ыйгарым укуктар жана кылдааттыкты талап кылган милдеттенмелер

Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Интернет мейкиндигиндеги сайтты” Кыргызстанда жеткиликтүү болгон ар кандай маалыматтык ресурс катары аныктайт, ошону менен анын жоболору чет элдик ЖМКнын сайттарына же эл аралык социалдык тармактарга да колдонулат. Мындан тышкары, ал сайттын ээсинен жана сайттын баракчасынын ээсинен өтө кенен жана иш жүзүндө аныкталбаган милдеттенмени талаптагыдай кылдаттык менен жүзөгө ашырууну талап кылат – Кыргыз Республикасынын Интернет мейкиндигинде такталбаган же жалган маалыматтарды таратууга жол бербөөнү талап кылат. АРТИКЛЬ 19 Интернет-ортомчуларынын ишин жана/же онлайн-контентти жөнгө салуучу ар кандай жөнгө салуу системасы кеңири жана бүдөмүк “кылдаттык менен көз салуу милдеттемесин” камтыбашы керек деген пикирин кайталайт. Биздин оюбузча, мындай түшүнүк адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамдуулукка текшерүүдөн өтө албайт. Иш жүзүндө ал юридикалык белгисиздикти жаратат жана жөнгө салуучу органдарга олуттуу даражада чексиз ыйгарым укуктарды берип, пикир билдирүү эркиндиги үчүн өтө көйгөйлүү болуп калат. Мындан тышкары, долбоордо талаштуу маалыматка гана чектөө киргизүүнүн ордуна веб-ресурсту толугу менен бөгөттөөгө ачык-айкын тыюу салган жобо жок, бул болсо маалыматка жеткиликтүүлүктү өлчөмсүз чектөөгө алып келиши мүмкүн.

Көз карандуулукка ээ болбогон, ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган онлайн-контент маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат

Мыйзам долбоору менен “жалган” маалыматтарга байланыштуу дооматтарды карап чыгуу жана Интернеттеги мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлөт, анын аталышы азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорунда мындай орган кандайча түзүлүшү керек жана ал өз функцияларын кантип аткара тургандыгы жөнүндө толук маалымат берилген эмес. Ушундан улам мындай мамлекеттик орган азыркы өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп, башкаруучу саясий партияларга (партияларга) кызмат кылат деген шектенүүлөр жаралууда.

АРТИКЛЬ 19 Интернет-ортомчулар жөнүндө Европа Кеңешинин Сунуштамаларына ылайык, онлайн-контентти чектөө тууралуу чечимдерди көз карандысыз мамлекеттик орган кабыл алышы мүмкүн болгонун, эгерде зарылчылык келип чыкса, алар соттук кароодон өткөрүлө тургандыгын белгилейт. Бирок, бул жерде негизги критерий – мыйзам менен да, иш жүзүндө да кепилденген мындай мамлекеттик органдын чыныгы көз карандысыздыгы. Бул кепилдиктер болбосо, мамлекеттик органдын чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болушу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, цензура жана/же коррупция үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Эч жүйөсүз кыска берилген аткаруу мөөнөттөрү

Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган мамлекеттик органга жеке же юридикалык жактардын “жалган же туура эмес маалыматтарды таркатуу менен ар-намысына жана кадыр-баркына” шек келтирүү фактысы боюнча берген даттануулары 48 сааттын ичинде каралат деп айтылат. Провайдер, сайттын ээси же интернет баракчанын ээси “ыйгарым укуктуу органдын” чечимин 24 сааттын ичинде аткарууга милдеттүү. Болбосо, бул мамлекеттик орган талаштуу маалыматтарга жеткиликтүүлүктү чектөө тууралуу сотко кайрылат.

АРТИКЛЬ 19 онлайн-контентти өчүрүү үчүн эч жүйөсүз кыска мөөнөттөрдү киргизүү тобокелдиги жөнүндө бир нече жолу эскерткен, бул ачыктан-ачык мыйзамсыз учурларды кошпогондо, мыйзамдуу маалыматтарды, анын ичинде коомдун кызыгуусун жараткан маалыматтарды өчүрүүгө алып келет.

Онлайн-анонимдүүлүккө коркунуч

Мыйзам долбоору интернет ресурстарынын, веб-баракчалардын же коомдук Интернетке кирүү түйүндөрүнүн (мисалы, интернет-кафелердин) ээлеринен “бирдиктүү идентификациялоо системасы” деп аталган система аркылуу анонимдүү колдонуучуларды аныктап, соттун өтүнүчү боюнча же жогоруда айтылган азырынча аныктала элек “ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” берип турууну талап кылат. Муну менен анонимдүүлүккө укук олуттуу түрдө бузулууда.

АРТИКЛЬ 19 Пикир билдирүү эркиндигин жана жеке турмушту коргоонун глобалдык принциптеринде баса белгилегендей, ар бир адам пикир билдирүү эркиндигине укукту жашыруун түрдө, анын ичинде анонимдүү билдирүүлөр, анонимдүү түрдө окуу же онлайн-чөйрөдө маалыматка анонимдүү түрдө жетүү укугуна ээ болушу керек. Бул укукту пайдалануунун пайдасына презумпция болушу керек жана мамлекеттер чыныгы ысымын же башка идентификациялоочу маалыматтарды каттоону талап кылган мыйзамдарды, жоболорду жана саясатты жокко чыгарышы керек. Ошондой эле Интернетке же Интернет кызматтарына жетүү үчүн зарыл шарт катары түзүлүштөрдү каттоону талап кылган мыйзамдарды, жоболорду жокко чыгарууга тийиш. Себеби алар пикир билдирүү эркиндигине жана жеке жашоого болгон укукту бузушат.

Интернетте байланыш түзүүдө жеке турмуштун кол тийбестигине болгон укукка жана купуялуулукка берилген кепилдик адамдардын пикир билдирүү эркиндигине болгон укугун эркин колдоно алышын камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү. Купуя түрдө баарлашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу адамдардын пикир билдирүү эркиндигине болгон укугуна олуттуу таасир этет. Бул пикир билдирүү эркиндиги маселелери боюнча Атайын баяндамачынын бир нече баяндамаларында таанылган. Бул баяндамаларда ал мамлекеттер жана жеке субъекттер Интернетте айрым адамдардын пикирлери жана иши тууралуу маалыматтарды чогултуп, мониторинг жүргүзүп жатканына тынчсыздануусун билдирген. Бул иш-аракеттер Интернет колдонуучуларынын жеке турмушка болгон кол тийбестик укугун бузуп, акыры, маалыматтын жана идеялардын Интернеттеги эркин агымына тоскоол болушу мүмкүн. Сөз эркиндиги боюнча Атайын баяндамачы мамлекеттерге айрым адамдардын Интернетте өз ой-пикирин жашыруун билдирүүсүн камсыз кылуусун жана чыныгы ысымдарды каттоо системасын киргизүүдөн карманууну сунуш кылды. Мындан тышкары, ал мамлекеттерге колдонуучуларды идентификациялоону санариптик байланышка жана онлайн-кызматтарга жетүү үчүн зарыл шарт катары кылуудан алыс болууну сунуштады.

Сунуштамалар

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, АРТИКЛЬ 19 Мыйзам долбоорун четке кагууну колдойт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Парламентине пикир билдирүү эркиндигине, маалыматка жеткиликтүүлүккө жана жеке жашоого болгон укукка байланыштуу өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине каршы келген мындай өтө кеңири жана бүдөмүк чечмеленген мыйзам чыгаруу демилгелерин сунуш кылбоого чакырабыз.

Бул басылма Европа Биримдигинин финансылык жардамы менен “Медиа Диалог” долбоорунун алкагында даярдалды. Анын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун гана жоопкерчилигинде жана сөзсүз түрдө эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдыра бербейт.