Каршылык билдирүү укугу: Адам укуктарын нааразычылык акцияларынын контекстинде коргоонун принциптери

Каршылык билдирүү укугу: Адам укуктарын нааразычылык акцияларынын контекстинде коргоонун принциптери - Civic Space

A man who opposes the pro-democracy movement makes his point via a megaphone. Antagonism between pro-democracy activists (camped out on a stretch of Nathan Road in Mongkok district, Kowloon) and a group of some local residents and pro-Beijing supporters has grown as the protests continue. The 'Occupy Central' (or 'Occupy Central with Love and Peace') movement in Hong Kong has been organising events of civil disobedience, such as sit-ins on busy roads, to protest against the Chinese government's electoral policy for Hong Kong. The activist's main demand is that elections for the post of Chief Executive, due in 2017, be open to all candidates. However, the Beijing authorities have insisted that the candidates in the election will only be drawn from a pre-approved list.

Нааразычылык акциялары ар бир коомдун жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмушунда маанилүү ролду ойнойт. 

Тарыхка кылчайсак, нааразычылыктар адатта оң маанайдагы социалдык өзгөрүүлөргө түрткү болуп, адам укуктарын коргоону жакшырткан. Алар дүйнөнүн булуң-бурчунда жарандык мейкиндикти орнотууга жана коргоого көмөктөшүп келатышат. Нааразычылыктар жигердүү жана маалымдуу жарандын калыптанышына түрткү берет, ага коомдук иштерге түздөн-түз катышууга мүмкүнчүлүк берип, өкүлчүлүктүү демократияны бекемдейт. Алар айрым адамдарга жана топторго макул эместигин жана наарызычылыгын билдирип, өз көз караштары жана ой-пикирлери менен бөлүшүүгө, мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтерди ачыкка чыгарууга, бийликтен жана башка таасирдүү түзүмдөрдөн көйгөйлөрдү чечүүнү жана жасаган иши үчүн отчет берүүнү талап кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул, айрыкча, кызыкчылыгы көп корголбогондор же көз жаздымында калгандар үчүн өтө маанилүү.

Бирок дүйнө жүзү боюнча бийликтер нааразычылык акцияларына ыңгайсыз бир көрүнүш катары мамиле жасап, мындай иш-аракеттерди коркунуч катары кабыл алып, аны көзөмөлгө алууга же болтурбай коюуга аракеттенишет.

Санарип технологиялары нааразычылык билдирүү аракетине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, ошол эле маалда жаңы чакырыктарды да таштоодо. Бүгүнкү күндө алар нааразычылыкты уюштурууда негизги ролду ойногон байланыш каражаты катары да, аларды өткөрүү үчүн платформа катары да кеңири колдонулуп жатат. Технологиянын өнүгүшү мамлекеттин нааразычылыктардын контекстинде адам укуктарын чектөө жана бузуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла көбөйттү.

Каршылык көрсөтүү укугуна адамдын көптөгөн укуктарын ишке ашыруу кирет. Ошондой эле ал адам укуктарын камсыз кылуу үчүн да өтө маанилүү. Ар кандай коомдогу орду маанилүү болгонуна карабастан, нааразычылык акциялары башка адамдарга зыян келтирүү тобокелдигинен эркин болгон учурлар сейрек кездешет. Ошондуктан, эл аралык стандарттар нааразычылык акцияларына катышкандардын көптөгөн укуктарын чектөөгө жол берет. Бирок, мындайга чектелген жана тар шартта гана уруксат берилет. Адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарда жазылган кепилдиктерге карабастан, мамлекеттер бул жаатта өз милдеттенмелерин түшүнүүдө жана аткарууда кошумча жардамга муктаж экендиги кеңири таанылды.

Бул принциптер уруксат берилген чектөөлөрдүн чектелген чөйрөсүнүн так таанылышына өбөлгө түзүп, каршылык көрсөтүү укугун урматтоо, коргоо жана пайдалануу боюнча минималдуу стандарттардын топтомун иштеп чыгат. Принциптер адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардын, анын ичинде Адам укуктарынын жалпы декларациясын, Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактты, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты, ошондой эле өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин тажрыйбасындагы  адам укуктарынын регионалдык стандарттарын (башкалар менен катар, улуттук мыйзамдарда жана улуттук соттордун чечимдеринде чагылдырылган) жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган укуктун жалпы принциптерин прогрессивдүү чечмелөөнү билдирет, атап айтканда, Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан күч жана ок атуучу куралды колдонуунун негизги принциптери, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин атайын жол-жоболорунда баяндалган стандарттар (атап айтканда, Чогулуштарды талаптагыдай башкаруу тууралуу Атайын баяндамачылардын Биргелешкен баяндамасы) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму иштеп чыккан Тынч жыйындардын эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптер.

Бул принциптер Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (эксперттер тобу 1984-жылы май айында кабыл алган) жоболорунан четтөөлөрдү жана чектөөлөрдү чечмелөөнүн Сиракузы принциптеринин туруктуу колдонулушун тааныйт. Ошондой эле Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан күч жана ок атуучу куралды колдонуунун Негизги принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча Колдонмону да тааныйт (Эл аралык Мунапыс 2015-жылдын август айында чыгарган).

Бул принциптер жарандык коом уюмдары, активисттер, укук коргоочулар, юристтер, соттор, шайланган өкүлдөр, мамлекеттик кызматкерлер жана башка кызыкдар адамдар тарабынан жергиликтүү, регионалдык жана глобалдык нааразычылык акцияларынын корголушун күчөтүү боюнча аракеттердин контекстинде колдонулат.

 

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.