Көпүрө астынан: Троллинг жана Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын куугунтукталышы

Көпүрө астынан: Троллинг жана Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын куугунтукталышы - Media

Summary

Бул басылманын түп нускасын FРС сайтынан таба аласыз: https://fpc.org.uk/out-from-under-the-bridge-trolling-and-harassment-of-independent-media-in-kyrgyzstan/

Бегайым Үсөнова менен АРТИКЛЬ 19дун макаласы

2019-жылы ноябрь айында “Азаттык” радиосу (“Эркин Европа” / “Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы), Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны изилдөө борбору (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы Kloop.kg өнөктөш борбору Кыргызстандын Бажы кызматындагы кеңири жайылган коррупция боюнча биргелешкен иликтөөсүн жарыялаган эле[1]. Бул иликтөө жарыялангандан кийин Интернетте журналисттерди коркутуулар, кемсинтүүлөр акыркы шайлоолордон бери уланып келе жаткан Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларга карата жаңы коркутуулар менен опузалар доору башталганынан кабар берет. Бул макалада көз карандысыз журналисттерге жана медиа уюмдарга карата интернеттеги куугунтуктун канчалык күч алгандыгы чагылдырылып, мамлекеттин, социалдык медиа платформалардын жана журналисттердин өздөрүнүн буга жооп мамилеси иликтенип, көйгөйдү чечүү боюнча максаттуу сунуштар берилди.

Оңтойлуу шарттар

Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлар жана алардын журналисттери акыркы кездерде, жалаа жабуу тууралуу көйгөйлүү мыйзамдардан улам, байма-бай куугунтукка алынып жатышат[2]. Мунун көрүнүктүү мисалы – ошол кездеги президент А.Атамбаевдин 2017-жылы март айында көз карандысыз Zanoza.kg онлайн жаңылыктар платформасына (азыркы Кактус Медиа) жана башкаларга каршы миллиондогон долларлык доо койгондогу сот иштери[3]. Бул иш БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн, эми алардын сунуштары күтүлүп жатат. Бирок 2019-жылы ноябрь айында “Aзаттык”, OCCRP жана Kloop.kg’нин материалдары менен иликтөөлөрүнүн жарыяланышы көз карандысыз ЖМКларга карата коркутуулардын жана чабуулдардын мүнөзү өзгөрүп, Интернеттеги куугунтук бир кыйла көбөйө баштаганын айгинелейт. Иликтөөнүн жана кийин башка көз карандысыз маалымат каражаттары тарабынан бул иликтөө менен байланышкан башка макалалардын жарык көрүшү иликтөөгө катышкан журналисттерге тикелей кол салуулардын эле эмес, санариптик чабуулдардын жана интернеттеги куугунтуктун да себепчиси болду[4]. Бул тенденция 2020-жыл бою да уланып, 2020-жылы 4-октябрдагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин жана 2020-жылы 17-ноябрда сунушталган конституциялык реформанын артынан ого бетер күч алды.

Көз карандысыз иликтөөлөр менен алектенген журналисттерди коркутуу

Ноябрь айында Kloop.kg’нин иликтөөсү жарыялангандан кийин, Kaktus Media көз карандысыз онлайн маалымат платформасы жана башкалар иликтөөнү сындаган жана ага катышкан журналисттерди куугунтуктаган социалдык медиа троллдор көбөйгөнүн белгилешкен[5]. Бул “троллдордун” аккаунттарда журналисттик иликтөөнү төгүндөгөн, ошондой эле 2019-жылдын 25-ноябрына белгиленген өлкөдөгү коррупцияга каршы тынч нааразычылык акциясына катышууну пландап жаткандарга асылган комментарийлери камтылган. Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарына кол салуу жаңылык деле эмес. Бирок, 2017-жылы жалаа жабуу боюнча сот процесстеринен көрүнүп тургандай, сын айткан адамдарды коркутуу сыяктуу салтка айланып калган ыкмаларга троллинг жана онлайн куугунтук сыяктуу жаңы ыкмалар кошулду.

Тролддорду тандоо

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечиминен кийин, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата интернеттеги коркутуулар көбөйүп, аны менен катар журналисттерге кол салуу учурлары да көп каттала баштады [6]. Учурда “тролл фабрикаларынын” көбөйүшү жана алардын саясий оппоненттерин дагы, ЖМКларды жаманатты кылуу үчүн колдонулушу журналисттерге карата Интернеттен кыянаттык менен пайдалануунун күчөшүнө түрткү болду деп айтылууда[7].

“Азаттык” радиосуна жасалган чабуулдар

Кыргызстандагы башка көз карандысыз ЖМКлар сыяктуу эле, “Азаттык” радиосу коррупцияга тиешелүү иликтөөсүн жарыялай баштаганга чейин эле журналисттери менен бирге саясатчылардын жапырт каралоосуна кабылды[8]. Бирок көптөн бери улантылып келген мындай каралоо жана чабуулдарга салыштырмалуу “Азаттыктын” журналисттери азыр интернетте ого бетер катуу коркутуу жана куугунтук башталганын кабарлады. «Азаттык» радиосу белгилүү саясатчылардын жарыя сөздөрүндө сынга кабылып, бул жаңылыктар платформасына интернеттеги чабуулдардын көбөйүшүнө түрткү берди[9].

Конституциялык реформага каяша кылгандар сынга кабылды

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору жарыяланды. Улуттук жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом уюмдары, анын ичинде Медиа Полиси Институту жана АРТИКЛЬ 19 уюмдары, колдонуудагы конституцияда белгиленген жана эл аралык укук менен кепилденген укуктар менен эркиндиктерди бузат деп сунушталган түзөтүүлөрдү сынга алышты[10]. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө каршы чыккан айрым журналисттер, активисттер жана юристтер, айрыкча аялдар онлайн чабуулдарга кабылды. Аларды коркутуп, кемсинтип, каралап турушту[11]. Бул сөз эркиндигине кедерги болуучу, сын-пикирлерди басууга жасалган ачык аракет айрыкча социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегменттеринде байкалды[12]. Медиа Полиси Институту жана медиа коомчулуктун башка өкүлдөрү саясий лидерлерди интернетте аларды сындагандарды коркутууну жана куугунтукту колдобоого жана онлайн чабуулдар тикелей зомбулукка алып келиши мүмкүн экендигин эске алуу менен аларга каршы чара көрүүгө чакырышты[13].

Коркунучтарга каршы мамлекеттин аракетсиздиги

Журналисттер баары бир каралбайт деп Интернеттеги куугунтук жана кыянаттык боюнча укук коргоо органдарына арызданбаганын билдиришти[14]. Бул бир жагынан айрым саясатчылардын журналисттерди интернетте куугунтукка, ушундай чабуулдарга түздөн-түз көкүтүү менен же ал жоруктарды эч айыптабай коюп, жалпы бейбаштыкка шыкак берип жаткандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Журналист аялдарга карата Интернеттеги куугунтукту жана зомбулукту иликтөө боюнча АРТИКЛЬ 19дун жакында жарык көргөн колдонмосунда мамлекеттердин журналисттерди оффлайн жана онлайн режимде коргоо боюнча төмөнкүдөй милдеттенмелери көрсөтүлгөн [15]:

  • Адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекеттер журналисттердин өз ишин көз карандысыз жана жөнү жок кийлигишүүсүз жүргүзүшү үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу максатында сөз эркиндигине болгон укукту мыйзам, саясат аркылуу жана иш жүзүндө коргошу керек. Мамлекеттер ошондой эле журналисттердин сөз эркиндигин чектөөгө багытталган кылмыштарга тыюу салынышын, журналисттерге кол салуулардын алдын-алууну, журналисттердин корголушун жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын камсыз кылуу боюнча алгылыктуу милдеттенмелерди аткарууга тийиш.
  • Жеткиликтүү иликтөөлөр көрсөткөндөй, Интернеттеги куугунтук үчүн мыйзамдуу жоопкерчиликти кантип алуу керектиги боюнча так аныктама жок жана бул көбүнчө сөз эркиндигине зыян келтирген жаңы, өтө эле жалпы мыйзамдарды кабыл алууга алып келиши мүмкүн.
  • Сөз эркиндигине болгон укукту чектеген кандай гана токтом болбосун, ЖСУЭПтин 19-беренесинин 3-пунктуна ылайык үч бөлүктүү критерийге жооп бериши кажет; ал эми жазык мыйзамы өзгөчө куугунтук жана Интернеттеги зордук-зомбулук олуттуу зыян келтирүү сыяктуу белгилүү бир деңгээлге жеткен өзгөчө учурларда колдонулушу керек.

2019-жылы ЕККУнун Интернеттеги журналисттерге карата куугунтук, зордук-зомбулук жана ЖМКлардын эркиндиги боюнча өкүлүнүн баяндамасында: “куугунтук жана онлайн режимдеги зордук-зомбулук олуттуу зыян келтириши мүмкүн болсо, полиция жана прокуратура органдары өз убагында, жигердүү иш алып барышы, ал эми кылмыш жасагандар тийиштүү түрдө жоопко тартылышы зарыл. Мындай реакция толугу менен жабырлануучунун билдирүүсүнөн жана жазаны талап кылуусунан көз каранды болбошу керек, анткени онлайн режимдеги куугунтук журналисттин да, жалпы элдин да сөз эркиндигине болгон укукту бузат (демек, коомдук маселе катары каралууга тийиш)”, – деп белгиленген[16].

Социалдык медиа платформалардан жооп алуу кыйындыгы

Көпчүлүк журналисттер жана медиа уюмдар ири платформалар сунуш кылган ар кандай даттануу механизмдери аркылуу социалдык медиада Интернеттеги куугунтук жана коркутуп-үркүтүүлөргө карата тынчсыздануусун билдиришти. Бирок буга карата эч кандай жооп болгон жок.

Журналист аялдарга асылуу жана зордук-зомбулук жөнүндө акыркы маалымат документинде АРТИКЛЬ 19 социалдык медиа платформаларын куугунтукка жана зомбулукка каршы коомдук стандарттарды жана башка саясатты иштеп чыгуу милдеттенмесине артыкчылык берет[17]. Facebook, Twitter жана YouTube (Google) өздөрүнүн платформаларында куугунтукка жана кордукка жол берилбейт деп билдиришет да, бул шарттардын бузулушуна карата ар кандай ыкмаларды, анын ичинде контентти өчүрүү, белги коюу жана пайдалануучуларды бөгөттөө чараларын колдонушат. Facebook сайтында журналисттерди колдоочу бир катар уюмдар менен биргеликте иштелип чыккан, журналисттерге Интернеттеги коопсуздук боюнча кеңештерди берген атайын бөлүм бар[18].

Бирок АРТИКЛЬ 19дун документинде социалдык медианын эрежелери көбүнчө жалпы жана бүдөмүк болуп, колдонмолор, тактап айтканда, куугунтукка жана кордукка жооп кылуу, кайрылуулар жана даттануулар, коргоо чаралары же аныктоо механизмдери ырааттуу сакталбай жаткандыгы белгиленет. Эрежелерди сактоону камсыздоо механизмдерин табуу ар дайым эле оңой боло бербейт, ал эми социалдык тармак компанияларынын жооп мамилеси көбүнчө байкалбайт же ыраатсыз жасалууда. Интернеттеги куугунтукка жана кыянаттыктарга жооп катары көрүлүп жаткан иш-аракеттер да, алгоритмдерди колдонуу жана алардын эрежелерине каршы келген контентти белгилөө үчүн машина менен окутуунун колдонулушу да жетиштүү даражада ачык-айкын эмес. Мындан тышкары, Кыргызстандын шартында социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегментинде көзөмөлсүз онлайн куугунтуктун күчөшү орус жана кыргыз тилдүү контенттин адилетсиз тескелип жатканын көрсөтүп турат.

Корутунду

Кыргызстандагы маалымат каражаттарына жана журналисттерге онлайн-куугунтуктун күчөшү өзгөчө тынчсыздандырат, анткени бул өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизүүчү өзүн-өзү цензуралоого алып келет. Жакында эле Кыргызстанда “троллдор фабрикасынын” бар экендиги жана алардын онлайн режимде журналисттерге карата кыянаттыкты жайылтуудагы ролу айгинеленди, мунун өзү ушул көйгөйлөрдү бир нече деңгээлде чечүү керектигин дагы бир ирет тастыктап турат. Бул макаладан көрүнүп тургандай, өкмөт, социалдык медиа платформалар жана медиа уюмдар тарабынан жооп чаралар көрүлбөй жатканы Кыргызстандагы абалды курчутууда. Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана журналисттердин аброюна шек келтирген жогорку бийлик өкүлдөрүнүн ачык билдирүүлөрү кол салуулардын көбөйүшүнө түрткү болду, ал эми укук коргоо органдары журналисттерди коргоо, атап айтканда, интернеттеги коркутуулардан коргоо боюнча Кыргызстандын позитивдүү милдеттенмелерин аткарбай келет. Журналисттерге, айрыкча социалдык медианын кыргыз тилдүү сегменттерине карата жек көрүү сөздөрүнүн көзөмөлсүз көбөйүшү, кыргыз тилиндеги багыттоонун салыштырмалуу жетишсиздигинен улам келип чыгышы мүмкүн. Мунун айынан ушул платформаларда берилген онлайн куугунтук боюнча арыздарга үн кошкондор өтө аз болду. Мындан тышкары, кол салууга дуушар болгон көз карандысыз маалымат каражаттары жана журналисттер аларды ачык жарыялоону каалабагандай. ЖМК кызматкерлери укук коргоо органдары же социалдык медиа платформалары тарабынан жооп чаралар көрүлбөгөндүктөн, Интернеттеги кыянаттык менен куугунтукту документтештирбейт же ал тууралуу билдиришпейт. Интернеттеги куугунтук “иштин боло жүргөн эле жагы”, ошондуктан ага терикпей эле коюш керек деген пикирлер дагы бар.

Андыктан Полиси Институту жана АРТИКЛЬ 19 ушул актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн Интернеттеги журналист аялдарга карата куугунтук жана зордук-зомбулук боюнча маалымат документтеринде келтирилген сунуштарды, ошондой эле АРТИКЛЬ 19дун адистери тарабынан түзүлгөн ЕККУнун Коопсуздук боюнча маалымдамасында (кыскача #SOFJO) Интернеттеги журналист аялдардын коопсуздугу боюнча төмөнкү сунуштарды беришет[19].

Кыргызстандын Өкмөтү үчүн:

  • Интернеттеги коопсуздукка жана гендердик аспектке өзгөчө көңүл буруу менен журналисттердин коопсуздугу боюнча улуттук иш-чаралардын планын иштеп чыгуу[20];
  • Сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу, гендердик аспектти эске алуу менен оффлайн жана онлайн түрүндө куугунтук жана кыянат жосундар боюнча тажрыйбаларын өркүндөтүү[21];
  • Саясий лидерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана / же бийлик өкүлдөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, анын ичинде айрым журналисттерди каралоодон, коркутуудан, журналист аялдарга карата туура эмес көз карашты же кандайдыр бир басмырлоочу сөздөрдү колдонуудан, ошондой эле журналисттердин ишенимин жана көз карандысыз журналистиканын баркын төмөндөтүүдөн алыс болууга чакыруу[22]; жана
  • Журналисттерге жана сөз эркиндигине каршы кылмыштарды иликтөөнүн протоколдорун, ыкмаларын жана жол-жоболорун күчөтүү[23].

 Кыргызстанда иштеп жаткан социалдык медиа платформалар үчүн [24]:

  • Социалдык тармактарды жетектеген компаниялар процессуалдык кепилдиктерди сактоо менен зыянды кенемтелөө механизмдерин өркүндөтүшү керек. Алар компаниялар коомчулугунун стандарттарын бузушу ыктымал куугунтук жана гендердик зомбулук сыяктуу контентти алып салуудан баш тарткан жосунга жооп чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушу керек;
  • Социалдык тармактар компаниялары өз чечимдери жөнүндө жабыр тарткан тараптарга кабарлап, айрым контентерге же аккаунттарга карата жасап жаткан иш-аракеттеринин жүйөсүн көрсөтүшү керек. Алар ошондой эле ар кандай ички даттануу механизмдери жөнүндө так маалымат бериши керек; жана дагы
  • Социалдык тармак компаниялары коомдук иш-аракеттерди, анын ичинде куугунтук жана аялдарга зомбулук жаатында коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн көп тараптуу жөнгө салуучу органдарга, мисалы, социалдык тармактар боюнча кеңештерге кошулуу жөнүндө ойлонушу керек. Атап айтканда, Facebook’тун Байкоочу кеңеши өз ишинде гендердик куугунтукту жана зордук-зомбулукту жоюп, сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына ылайык, бул маселени канткенде жакшыраак жана натыйжалуу чечүү керектиги боюнча тиешелүү сунуштарды бериши керек.

Кыргызстандагы журналисттер жана ЖМКлар үчүн [25]:

  • Интернеттеги кыянаттык жана куугунтук учурларына байкоо жүргүзүү жана документтештирүү, негизги катышуучулардын билимин арттыруу үчүн бул маалыматты журналисттик макалалар жана иликтөөлөр аркылуу да колдонуу;
  • Интернеттеги зордук-зомбулукка жана куугунтукка кабылган жана мындай кол салууларга кабылышы көбүрөөк ыктымал болгон журналисттерге психологиялык колдоо, анын ичинде бирдей макамдагы тармактар, окутуу жана башка практикалык иш-аракеттер аркылуу колдоо көрсөтүү;
  • Дене-бой, укуктук, психо-социалдык жана санариптик коопсуздукту камтыган коопсуздук саясатын иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу; ошондой эле
  • Журналистиканын жогорку сапатын камсыз кылуу үчүн адептик стандарттарды жана журналисттик кодекстерди сактоо.

Бегайым Үсөнова – учурда Кыргызстандагы Медиа Полис Институтунун директору, бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келет. Медиа Полиси Институту өлкөдөгү көз карандысыз журналисттерге жана медиа уюмдарга эксперттик укуктук талдоо жүргүзүп, колдоо көрсөтөт. Медиа Полиси Институтунда иштеп жүргөндө, Бегайым сөз эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, кастык тили, медиа сабаттуулук жана жалпы эле медиа саясат боюнча көптөгөн дарстарды, семинарларды жана тренингдерди өткөрдү. Бегайым Кыргызстандагы ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун, медиа сабаттуулукту, кадыр-баркка шек келтирүү, шайлоону чагылдыруу жана экстремизмге каршы мыйзамдарды камтыган бир катар басылмалардын автору жана авторлошу болуп саналат.

АРТИКЛЬ 19 – сөз эркиндиги жана маалымат эркиндигин коргоо жана жайылтуу боюнча дүйнө жүзү боюнча иштеген адам укуктарын коргоочу көз карандысыз уюм. Анын аталышы жана мандаты Адам укуктарынын жалпы декларациясынын сөз эркиндигине кепилдик берген 19-беренеси менен байланышкан. АРТИКЛЬ 19 эл аралык жана салыштырма укук менен алдыӊкы тажрыйбага негизделген ченемдик жана маалыматтык, ошондой эле сөз эркиндигине байланыштуу маселелер боюнча бир катар документтерди даярдады. АРТИКЛЬ 19 эл аралык органдардын жана Интернетти башкаруу органдарынын сөз эркиндигин коргоодогу жана өнүктүрүүдөгү Интернеттеги техникалык стандарттарды белгилөөчү ролун изилдейт.

Бул басылма Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен которулду. Анын мазмуну үчүн АРТИКЛЬ19 гана жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө элечагылдыра бербейт.

[1] “Азаттык”, OCCRP, Kloop.kg. Жибек жолундагы кландар, коррупция жана аткезчилик. OCCRP. 2019-ж., ноябрь. https://www.occrp.org/ru/plunder-and-patronage/

[2] АРТИКЛЬ 19. Кыргызстан: “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигине кепилдиктер жөнүндө” мыйзам. 2017-ж., август. https://www.article19.org/resources/kyrgyzstan-law-protecting-presidents-honour-and-dignity-should-be-abolished/

[3] АРТИКЛЬ 19. Кыргызстан: Zanoza.kg жаӊылыктар платформасын жана анын журналисттерин мыйзам аркылуу куугунтук токтотулсун. 2017-ж., декабрь. https://www.article19.org/resources/kyrgyzstan-stop-legislative-harassment-of-zanoza-kg-and-its-journalists/

[4] Руслан Харизов. Болот Темировго кол салуу. Factcheck.kg редактору билдирүү менен чыкты. 24.kg. 2020-ж., январь. https://24.kg/obschestvo/140225_napadenie_nabolota_temirova_redaktor_Factcheckkg_vyistupil_szayavleniem/; Аида Жумашова. Матраимовдун аялынын сарптоолору. Factcheck.kg сайтына DDoS чабуул улантылууда. 24.kg. 2019-ж., декабрь. https://24.kg/obschestvo/138321_tratyi_jenyi_matraimova_DDoS-ataka_sayta_Factcheckkg_prodoljaetsya/

[5] Адеим Убакеева. Ачык-айкын. Фейктер жана чыныгы адамдар, алар кимдердин фотолорун уурдап алган. Kloop.kg. 2020-ж, январь. https://kloop.kg/blog/2020/01/22/naglyadno-fejki-i-realnye-lyudi-chi-foto-oni-ukrali/; Айдана Абдуваитова. Троллдор сөз эркиндигин жактаган акцияны гей-парад деп каралагысы келет. Алардын дагы бири Матраимовду мактап жатат. Kaktus Media. 2019-ж., декабрь. https://kaktus.media/doc/402916_trolli_hotiat_vydat_akciu_za_svobody_slova_za_gey_parad._eshe_odin_iz_nih_hvalit_matraimova.html; Александр Шабалин. $700 млн жөнүндөгү иликтөөдөн кийин Матраимовду колдоп чыккан троллдор менен боттордун иши тууралуу. Kaktus Media. 2019-ж, ноябрь. https://kaktus.media/doc/401754_o_rabote_trolley_i_botov_podderjivaushih_matraimova_posle_rassledovaniia_o_700_mln.html

[6] Айдай Токоева. Медиа коомчулук саясатчыларды өз тарапташтарынын журналисттерге жана активисттерге опуза кылуусун айыптагыла деп чакырды, Kloop.kg. 2020-ж., декабрь. https://kloop.kg/blog/2020/12/01/mediasoobshhestvo-prizvalo-politikov-osuzhdat-onlajn-ugrozy-zhurnalistam-i-aktivistam-so-storony-svoih-storonnikov/

[7] Камила Ешалиева. “Ар биринин соцтармактарда 200дөй аккаунту болгон”. Кыргызстанда “троллдор фабрикалары кандай курулган. OpenDemocracy. 2020-ж., ноябрь. https://www.opendemocracy.net/ru/fabriki-trollei-v-kyrgyzstane/

[8] 24.kg. Сөз эркиндигине кол салуулар. Оодарылган тырмоо эффекти. 2020-ж., октябрь. https://journalist.kg/ru/analytics/napadki-na-svobodu-slova-effekt-perevernutyh-grablej/; Азамат Тынаев, Кыргызстандык ЖМКлардын эркиндигине болгон эӊ башкы коркунучтар кайсылар? CABAR. 2019-ж., https://cabar.asia/ru/kakovy-glavnye-ugrozy-svobode-kyrgyzstanskih-smi

[9] Айдана Абдуваитова. Садыр Жапаров өз тарапташтарынын опузасы жана кысымы жөнүндө түшүндүрмө берди. Kaktus Media. 2020-ж., октябрь. https://kaktus.media/doc/423236_sadyr_japarov_prokommentiroval_ygrozy_i_davlenie_na_jyrnalistov_ot_svoih_storonnikov.html; Айжамал Жаманкулова. Садыр Жапаров өзүнүн сөздөрүнүн маанисин “Азаттык” бурмалап жатат деп билдирди. Медиа коомчулук  президенттин м.а. айыптоолору ЖМКга коркунуч жаратат деп эсептейт. 2020-ж., ноябрь. https://kloop.kg/blog/2020/11/10/sadyr-zhaparov-zayavil-chto-azattyk-iskazhaet-smysl-ego-slov-mediasoobshhestvo-schitaet-obvineniya-i-o-prezidenta-ugrozoj-dlya-smi/

[10] АРТИКЛЬ 19. Кыргызстан: конституциянын долбоору пикир айтуу эркиндигине жана ЖМК эркиндигине коркунуч жаратат. 2020-ж., декабрь. https://www.article19.org/resources/kyrgyzstan-draft-constitution-threatens-freedom-of-expression-and-freedom-of-the-media/

[11] Мирлан Кадыров. Онлайн опузалар демократияга кандай зыян келтирет. “Азаттык”. 2020-ж., декабрь. https://rus.azattyk.org/a/30978025.html

[12] Бакыт Төрөгелди. Соцтармактардын кыргыз сегментинде опуза жана коркутуу күч алды. “Азаттык”. 2020-ж., ноябрь. https://rus.azattyk.org/a/30964989.html

[13] Институт Медиа Полиси. Кыргызстандын медиа уюмдары президенттин м.а. демократиялык коомдогу эркин ЖМКлардын ролун эл алдында таанып, ырастоого чакырып жатат. 2020-ж., ноябрь. http://media.kg/wp-content/uploads/2020/11/mediaorganizaczii-kyrgyzstana-prizyvayut-i.o.-prezidenta-publichno-priznat-i-podtverdit-rol-svobodnyh-smi-v-demokraticheskom-obshhestve.pdf

[14] Мирлан Кадыров. Онлайн опузалар демократияга кандай зыян келтирет. “Азаттык”. 2020-ж., декабрь. https://rus.azattyk.org/a/30978025.html

[15] АРТИКЛЬ 19. Журналист аялдарга карата интернеттеги асылуу жана зомбулукту иликтөө. 2020-ж., https://www.article19.org/wp-content/uploads/2020/11/Gender-Paper-Brief-3-.pdf

[16] ЕККУ. Журналисттерге интернетте жасалып жаткан куугунтукка жана кыянатчылыкка карата жооп кылуунун укуктук жолдору – Финляндия, Франция жана Ирландиядагы кырдаал. 2019-ж., март. https://www.osce.org/representative-on-freedom-of-media/413549

[17] АРТИКЛЬ 19. Журналист аялдарга карата интернеттеги асылуу жана зомбулук жана негизги социалдык тармактар. 2020-ж. https://www.article19.org/wp-content/uploads/2020/11/Gender-Paper-Brief-2.pdf

[18] Facebook. Журналисттер үчүн коопсуздук боюнча кеӊештер. https://www.facebook.com/formedia/blog/safety-tips-for-journalists

[19] АРТИКЛЬ 19. Журналист аялдарга карата интернеттеги асылуу жана зомбулук. 2020-ж.; https://www.article19.org/onlineharassment/; ЕККУ, Журналист аялдардын интернеттеги коопсуздугу, https://www.osce.org/fom/safety-female-journalists-online

[20] Сильвия Чокарро, Сара Кларк, Паулина Гутьеррес, Джуди Тэйнг (АРТИКЛЬ 19). ЖУРНАЛИСТ АЯЛДАРДЫН ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПСУЗДУГУ – МААЛЫМДАГЫЧ КОЛДОНМО. #SOFJO, ЕККУ. 2020-ж. https://www.osce.org/files/f/documents/2/9/468861_0.pdf

[21] Сильвия Чокарро, Сара Кларк, Паулина Гутьеррес, Джуди Тэйнг (АРТИКЛЬ 19). ЖУРНАЛИСТ АЯЛДАРДЫН ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПСУЗДУГУ – МААЛЫМДАГЫЧ КОЛДОНМО. #SOFJO, ЕККУ. 2020-ж. https://www.osce.org/files/f/documents/2/9/468861_0.pdf

[22] БУУнун Башкы Ассамблеясы, Адам укуктары боюнча Кеңеши тарабынан 2020-жылы 6-октябрда кабыл алынган резолюция (45-сессия). 2020-жыл. https://undocs.org/en/A/HRC/RES/45/18

[23] Сильвия Чокарро, Сара Кларк, Паулина Гутьеррес, Джуди Тэйнг (АРТИКЛЬ 19). ЖУРНАЛИСТ АЯЛДАРДЫН ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПСУЗДУГУ – МААЛЫМДАГЫЧ КОЛДОНМО. #SOFJO, ЕККУ. 2020-ж. https://www.osce.org/files/f/documents/2/9/468861_0.pdf

[24] АРТИКЛЬ 19. Журналист аялдарга карата интернеттеги асылуу жана зомбулук жана негизги социалдык тармактар. 2020-ж. https://www.article19.org/wp-content/uploads/2020/11/Gender-Paper-Brief-2.pdf

[25] Сильвия Чокарро, Сара Кларк, Паулина Гутьеррес, Джуди Тэйнг (АРТИКЛЬ 19). ЖУРНАЛИСТ АЯЛДАРДЫН ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПСУЗДУГУ – МААЛЫМДАГЫЧ КОЛДОНМО. #SOFJO, ЕККУ. 2020-ж. https://www.osce.org/files/f/documents/2/9/468861_0.pdf

https://www.osce.org/files/f/documents/8/5/481213.pdf

Font Resize
Contrast