Саясий жарнама, өнөктүктөрдүн каржыланышы жана сөз эркиндиги

Саясий жарнама, өнөктүктөрдүн каржыланышы жана сөз эркиндиги - Protection

Кыргызстандагы 2020-жылкы парламенттик шайлоонун чагылдырылышы

Демократиянын иштеп турушу үчүн шайлоонун эркин жана адилет өткөрүлүшүндөгү сөз эркиндиги, анын уруксат берилген жерлерде саясий жарнама илүү аркылуу да жүзөгө ашырылышы өзөктүк мааниге ээ. Адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерге ылайык, саясий жарнаманы камтыган саясий сөз эң жогорку деңгээлде корголушу керек. Бирок шайлоону өткөрүү үчүн адилеттүү шарт түзүү максатында мыйзамдуу түрдө чектелиши мүмкүн.

Саясий жарнаманы жөнгө салуучу эрежелер ар кайсы өлкөлөрдө ар башкача. Жалпысынан алганда, басма жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары – ЖМК) салыштырмалуу уктуруу-көрсөтүү жарнамасына кыйла бекем чектөө коюлат. Анткени телекөрсөтүү жана радио көрүүчү-угуучуларга тикелей таасир этет да, адатта мамлекет тарабынан катуу тескелип турат.

Өнөктүктөрдү өткөрүү чыгымдары салттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан башка каналдар аркылуу онлайн ирежеде барган сайын көбүрөөк жүзөгө ашырылып жатат. Анткени социалдык желелер жана санарип каражаттар саясий өнөктүктөрдүн ажыратып алгыс бөлүгүнө айланууда.[1] Мындан тышкары, онлайн саясатты майда нуктар аркылуу жайылтуу шайлоочулардын жеке маалыматтарын пайдалануу менен даректелишине улам кеңири колдонулуп баратат. Майда нуктар катышууну кеңейтиши, чакан партиялар шайлоочулар менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгүнө жетишсе да, иш жүзүндө бул адашууларга көп себепчи болуп, процесстен четтетет[2] да, мунун өзү маалымат чогултуу усулдарын катуураак көзөмөлдөө зарылдыгын тастыктайт. Анын үстүнө көйгөйлүү мазмундагы (мисалы, “кастык тили”) жана тирештирүүчү билдирүүлөр кээде автору жок же атайын каржыланып жайылтылат да, шайлоого байланышкан жиктешүүнү курчутат. Бул акысы төлөнгөн/төлөнбөгөн жана акы төлөнүүчү/сүрөөнгө алынуучу мазмундагы материалдар ортосундагы мамилелерге байланыштуу татаалдашат. Анткени таралуусун кеңейтиш үчүн акы төлөнбөгөн мазмундагы материалдарга сүрөөнчүлүк күчөтүлүшү же, тескерисинче, колдонуучулар саясий жарнаманы өз жактоочуларына жарнамалашты жакташы ыктымал.

Кыргызстанда эл аралык уюмдар, мунун ичинен Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюму (мындан ары – ЕККУ) да, өнөктүктөрдү өткөрүүгө жумшалуучу каржы менен чыгымдар жетиштүү даражада ачык-айкын эмес деп эсептешет[3]. Бул саясий онлайн жарнамага жана чыгымдарга да тиешелүү. Ошондуктан бул брифингде 19-АРТИКЛЬ онлайн өнөктүктөрдү өткөрүүгө байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл буруп, саясий жарнамага тиешелүү пикир айтуу эркиндигинин негизги маселелерин сыпаттайт. Мында пикир (айрыкча саясий кеп-сөздөрдү) айтуу жана маалымат алуу эркиндигине болгон укук боюнча эл аралык стандарттар сыпатталат. Андан соң Кыргызстандын Өкмөтүнө, Борбордук шайлоо комиссиясына жана жеке менчик субъектилерге, айрыкча ЖМК жана социалдык желелерге карата сунуштар берилет.

 

 

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.