Кыргызстан: Конституциянын долбоору пикир билдирүү эркиндигине жана сөз эркиндигине коркунуч жаратат

Кыргызстан: Конституциянын долбоору пикир билдирүү эркиндигине жана сөз эркиндигине коркунуч жаратат - Media

АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигине жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине шек келтирген конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл албоого чакырат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалынын андан ары начарлашын тездетет жана көз карандысыз маалымат каражаттарына онлайн да, офлайн режиминде да кол салуу үчүн кошумча өбөлгө болот. Мыйзамдуулугу шек туудурган конституциялык реформа процесси токтотулушу керек.

Акыркы айларда Кыргызстан саясий чыңалуу абалында жашап жатат. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда жокко чыгарган. Буга добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды туура эмес пайдалануу себеп болгон. Ошентип жаңы шайлоо 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган. Бирок, эртеси күнү парламент бир күндүн ичинде чукул өзгөртүүлөрдү үч окууда тең кабыл алып, парламенттик шайлоону 2021-жылдын жай мезгилине калтырган. Муну Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы менен негиздеген.

2020-жылдын 17-ноябрында мурдагы премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорун жарыялады. Ал ошондой эле президентке көбүрөөк ыйгарым укуктарды берген “президенттик башкаруу системасына” кайтууга чакырган. Жапаровдун Конституцияга сунуш кылган түзөтүүлөрү 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен бир күндө өтө турган референдумда добушка коюлушу мүмкүн.

АРТИКЛЬ 19 сунушталып жаткан түзөтүүлөргө, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги жаатындагы абалдын начарлашына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Тактап айтканда, биз төмөнкү негизги маселелерди белгилейбиз.

Көйгөйлүү процесс жана башкаруунун легитимдүүлүгүнө коркунучтар

Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү процесси жана буга байланыштуу кабыл алынган негизги чечимдер буга чейин жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тарабынан легитимсиз деп кескин сынга алынган. Мындан тышкары, Венеция комиссиясы “шайлоонун кийинкиге жылдырылышына байланыштуу парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн ашып кетсе, парламент өз ыйгарым укуктарын азайтат жана конституциялык реформаларды өткөрүү үчүн мыйзамдуулукка ээ эмес” деп билдирди.

АРТИКЛЬ 19 процесстин легитимдүүлүгү анын жыйынтыктарына мыйзамдуулукту берет жана мындан улам социалдык стабилдүүлүктүн жана туруктуу демократиялык өнүгүүнүн эң ишенимдүү кепилдиги деп эсептейт. Конституциялык процесстин легитимдүүлүгүнүн жоктугу андан кийин келчү бардык бийликтин легитимдүүлүгүн жокко чыгарат жана өлкөдөгү укуктук, социалдык жана экономикалык тартиптин негизги принциптери боюнча кененирээк коомдук консенсустун өзөгүн бузат.

Коомдук адеп-ахлактын негизинде пикир билдирүү эркиндигин ашкере чектөө

Цензуранын формасын орнотуу үчүн ачыктан-ачык аракет кылып, Конституциянын долбоорунун 23-беренесинде “Кыргызстан элинин жалпы таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, каада-салтына, ошондой эле эл аралык стандарттарга каршы келген” жарыялоолорго (анын ичинде электрондук) жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат. Бул берене ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын элинин “адеп-ахлагына жана маданиятына” зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жана материалдарды жайылтууну чектөө же тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

АРТИКЛЬ 19 Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын (ЖСУЭП) 19 (3)-беренесине ылайык, “үч бөлүктөн турган тесттин” шарттары аткарылганда гана сөз эркиндиги чектелиши мүмкүн экендигин белгилейт. Коомдук адеп-ахлакты коргоо, адатта, чектөө үчүн негиз болуп саналса да, ар кандай чектөөлөр жетишерлик тактык менен иштелип чыккан жана демократиялык коомдо зарыл болгон мыйзам менен белгилениши керек.

Мындан тышкары, ЖСУЭПти чечмелөө милдети жүктөлгөн орган – Адам укуктары боюнча комитет “адеп-ахлак түшүнүгү көптөгөн социалдык, философиялык жана диний каада-салттардан келип чыгат; ошондуктан адеп-ахлактуулукту коргоо максатында чектөөлөр <…> бир гана салттан келип чыкпаган принциптерге негизделиши керек” деп белгиледи. Мындай чектөөлөрдүн бардыгын адам укуктарынын универсалдуулугун жана басмырлоого жол бербөө принцибин эске алуу менен түшүнүү керек.

Адам укуктары жаатындагы эл аралык укук “каада-салтты” же “элдин (элдердин) маданиятын” коргоо үчүн сөз эркиндигин чектөөнү төмөнкү учурда жөндүү максат деп тааныбайт: эгерде алар “коомдук моралдын” курамдык элементтери катары каралбаса (жана эгер алар чындыгында эле “коомдук мораль” түшүнүгүнө кирбесе, анда аларды бул укуктук жободо белгилөө ашыкча болуп калат).

Ошентип, 23-берене ушул стандарттарды бузууда. Бул ошондой эле Конституциянын долбоорунун 11-беренесине да карама-каршы келет, анда жалпыга маалымдоо каражаттарына “ар кандай көз караштарды эркин жарыялоо, билдирүү жана чагылдыруу” укугу кепилденген. Укуктарды бир колу менен берип, экинчи колу менен тартып алуунун мындай карама-каршы мамилеси эки нерседен кабар берет. Бул же мыйзамдын начар иштелип чыккандыгынын натыйжасы, же конституциялык ченемдердин тандалма жана өзүм билемдик менен колдонулушун камсыз кылуу үчүн атайын жасалган аракеттин натыйжасы.

Жалаа жабуу үчүн жазага тартууга жол ачуу

Дагы бир талаштуу кадам – ​​Конституциянын долборундагы адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтар үчүн кылмыштык жаза куугунтугунан коргогон конституциялык кепилдиктердин жоюлушу (Конституциянын 33-беренесинин 5-пункту). Бул өтө терең тынчсызданууну жаратат, анткени Кыргызстандын мурунку мыйзамдарында жала жабуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу жобо көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоо үчүн колдонулуп келген жана өлкөдөгү сөз эркиндигин ооздуктоого умтулган.

Жакында эле “Медиа Полиси Институтунун” эксперттери  Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө баа берип жатып, анда кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазадан коргогон жобонун “сыйкырдуу түрдө” жоголушун эски тажрыйбага кайтып келүү аракети катары баалашты. Бул жөн жерден же “кокустан” эле болуп калган жок жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууну талап кылгандар кийинчерээк журналисттерди жалаа жапкандыгы үчүн сот жообуна тартууга аракет кылышат.

Маалыматтарды коргоо шылтоосу менен журналисттик ишмердүүлүктү чектөө

28-берене жеке маалыматтарды коргоого багытталган. Бирок, ага, мыйзамдарда башкача каралбаса, адамдын макулдугусуз анын жеке жашоосу жөнүндө “маалыматты колдонууга жана жайылтууга” тыюу салуу кирет. Бул формулировканын бүдөмүктүгү жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн көйгөй жаратат, себеби журналисттердин иши адатта саясатчылардын же башка коомдук ишмерлердин жеке жашоосу жөнүндө маалыматты коомдук кызыкчылык үчүн жайылтуудан турат (мисалы, бул маалымат кызыкчылыктар кагылышы бар экендигин далилдөөгө, алдамчылык же коррупция учурларын көрсөтүүгө жардам берет).

“Кастык тилин” чектөө

“Кастык тилинин” айрым түрлөрүнө, анын ичинде тукурууга тыюу салууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорундагы 32-берененин 4-пункту ЖСУЭПтин 20-беренесинин 2-пунктундагы сөздөргө окшош. Бирок, улуттук, этностук, расалык же диний жек көрүүчүлүктү үгүттөөгө тыюу салгандан тышкары, ал ошондой эле “гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды” үгүттөөгө тыюу салат.

АРТИКЛЬ 19 “социалдык артыкчылык” түшүнүгү өтө кенен жана эки ача маанини берерин, пикир билдирүү эркиндигине уруксат берилген чектөөлөрдүн чегинен чыккандыгын белгилейт. Биз сунушталып жаткан “гендердик артыкчылыкты жайылтууга” тыюу дискриминацияга каршы долбоорлорду жана демилгелерди бутага алуу үчүн, ошондой эле ЖМКда гендердик теңчиликти жана/же ЛГБТ укуктарын коргогон макалаларды жок кылуу үчүн пайдаланылат деп дагы тынчсызданабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектөө

29-берене өзгөчө учурларда (мындай өзгөчө учурлар мыйзам менен кошумча белгилениши керек), соттун чечимисиз/уруксатысыз жеке турак жайды, мүлктү жана жеке буюмдарды тинтүүгө жол берет. Соттор тартип коргоо органдарынын мындай иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү боюнча кошумча баа бериши мүмкүн дегенине карабастан, бул жобо бийлик тарабынан диссиденттерди жана/же журналисттер менен маалымат каражаттарын куугунтуктоону жеңилдетиши мүмкүн.

Ооздуктоо жана тең салмактуулук системасына коркунучтар жана укуктук белгисиздик

Сунуш кылынган Конституциянын долбоору демократиялык башкаруунун негизги принциби катары ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын бурмалап, президентке өтө кеңири ыйгарым укуктарды берүүдө. Натыйжада, бийликтин үч бутагынын ортосундагы дисбаланс башкаруунун бардык системасын морт кылып, акырындык менен узурпациялоого жол ачат. Бийликти барган сайын бир колго топтоо ар кандай мамлекетти чыр-чатакка жакын кыларын белгилей кетүү керек. Себеби мындай башкарууда мамлекеттик бийликтин туруктуу түрдө тынч алмашуусу барган сайын мүмкүн болбой калат.

АРТИКЛЬ 19 ошондой эле конституциялык түзөтүүлөрдүн өткөөл жоболорунан келип чыккан укуктук белгисиздикке байланыштуу да тынчсыздануусун билдирет. Тактап айтканда, ушул жоболордо, өзгөртүлгөн Конституциянын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон мыйзамдар жок болгондуктан, президент тиешелүү убактылуу жарлыктарды чыгарышы мүмкүн, алар зарыл мыйзамдарды парламент талаптагыдай түрдө кабыл алынганга чейин мыйзам күчүнө ээ болот.

Өкмөт Конституцияга ылайык түзүлгөнгө чейин, өткөөл жоболор президентке өкмөттү өзү каалагандай түзүүгө жол ачат. Ошентип, жаңы Конституцияны кабыл алуу менен жаңы парламентти шайлоонун ортосундагы мезгил аралыгында мамлекеттик бийликтин көпчүлүк бөлүгү президенттин колунда топтолот, ал эми өлкөнүн укуктук базасы анын каалоосунан көз каранды болуп калат.

Мындан тышкары, Конституциянын текстинин долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары беш жылга белгиленген, бирок 2021-жылдын январында шайлануучу президент 6 жыл бийликте болот.

АРТИКЛЬ 19дун сунуштамалары

Жогоруда айтылгандарды, колдонулуп жаткан эл аралык стандарттарды жана алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен, АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандын бийлигин төмөнкүлөргө чакырат:

  • Баш мыйзамды өзгөртүү процессин токтотууга, себеби ал талаптагыдай башкаруунун негизги материалдык-укуктук жана процессуалдык эрежелерин бузууда;
  • Мамлекеттик башкаруунун легитимдүүлүгүн калыбына келтирүү жана тең салмактуулукту камсыз кылган демократиялык системаны коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүү, ушул максатта жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий чөйрөлөр, чакан жана орто бизнес менен конструктивдүү диалог жүргүзүү;
  • Парламенттик шайлоону тез арада пландаштыруу жана уюштуруу;
  • Конституциянын долбооруна же башка мыйзамдарга өлкөдөгү сөз эркиндигине жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине шек келтирген жоболорду киргизүүдөн алыс болууга.

 

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында которулду.Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдөэле чагылдыра бербейт