Кыргызстан: журналисттерге кол салуулар жана талаштуу шайлоодон кийин маалыматка жеткиликтүүлүк

Кыргызстан: журналисттерге кол салуулар жана талаштуу шайлоодон кийин маалыматка жеткиликтүүлүк - Civic Space

АРТИКЛЬ 19 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин кыргыз бийлигин жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана маалыматка жеткиликтүүлүгүн коргоого чакырат. АРТИКЛЬ 19 5-октябрда шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган соң башталган нааразычылык акцияларынан кийин журналисттерге кол салуулар жана алардын ишине кийлигишүү болуп жатканы тууралуу кабарларга, ошондой эле Интернеттин жана телекоммуникациялардын иши үзгүлтүккө учурап жатканы жөнүндө маалыматтарга тынчсыздануусун билдирет.

“Биз Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды кунт коюп байкап жатабыз жана 4-октябрдагы шайлоодон кийин журналисттердин коопсуздугуна жана алардын сөз жана маалымат эркиндигине болгон укуктары сакталбай жатканына терең тынчсызданып турабыз. Коом өз алдынча тандоосун кылып, өлкөнүн келечектеги жолун аныктап жаткан мезгилде сапаттуу маалыматка жеткиликтүүлүк чоң мааниге ээ”, – деп айтты АРТИКЛЬ 19дун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Сара Кларк.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анда добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянатчылык менен колдонуу болду деген айыптар коюлган. 5-октябрда жыйынтыктар жарыялангандан кийин өлкөдө шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган нааразычылык акциялары болуп, демонстранттар Кыргызстандын президентинин кеңсеси жайгашкан “Ак үйдү” басып алышты. 6-октябрга караган түнү болгон нааразычылык акцияларында бир адам каза болуп, 164 адам ооруканага жаткырылды. 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты, бирок жаңы шайлоо дайындала элек жана нааразычылык акциялары уланууда.

Прессанын эркиндигине кол салуу

Шайлоо күнү эле журналисттердин укугун, сөз эркиндигин бузган бир нече окуя катталды:

  • Ошто шайлоо участогунда видео тартып жатканда “Клооп” көз карандысыз медиа уюмунун журналистинекол салуу болду. Кол салгандар видео тартууга тоскоолдук кылып, журналисттин камерасын тартып алууга аракет кылышкан; анын телефонун алып коюп, кийинчерээк кайтарып беришкен. Окуя болуп жаткан жерге жакын турган милиция кызматкерлери журналистти коргоо үчүн эч кандай чара көрүшкөн эмес;
  • Таласта “Азаттык” радиосунун (“Эркин Европа” радиосунун кыргыз кызматы) мультимедиа командасы да шайлоо участкасында кол салууга кабылган – бир аял видео тартып жүргөн журналисттин камерасына асылган.

Медиа Полиси Институту жана башка медиа коомчулуктун өкүлдөрү 5-октябрда кечинде жана ошондой эле 6-октябрда Бишкектеги нааразычылык акциялары учурунда журналисттерге кол салуу болгонун билдиришти:

  • kg жаңылыктар сайтынын кабарчысынын телефонун милиция кызматкери тартып алган, “Настоящее время” каналынын (“Эркин Европа/Азаттык” радиосу) журналистин атайын багыттагы күчтөр желим ок менен аткылашкан;
  • 6-октябрда парламент имаратынын алдында “Клооптун” мультимедиа тобуна белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Govori.TV каналы алардын журналисттерине прокуратуранын имаратынын сыртында видео тартып жаткан учурда кол салуу болгонун билдирди;
  • “Кактус Медиа” 6-октябрь күнү кечинде журналисти окуяларды чагылдырып жүргөндө ”Достук” мейманканасынын алдында кол салууга кабылганын кабарлады;
  • kg жаңылыктар сайтынын кабарчысы нааразычылык акциясын чагылдырып жүргөндө милиция ага таш ыргытканын кабарлады.
  • Журналист Эркин Рыскулбеков 7-октябрда “Достук” мейманканасындагы жолугушуу тууралуу “Азаттык” радиосуна (“Эркин Европа” радиосунун кыргыз кызматы) айтып бергенден кийин опузалоого туш болгонун билдирди.

АРТИКЛЬ 19 жакында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Жалпы мезгилдүү серептин (ЖМС) алкагында кыргыз өкмөтү кабыл алган сунуштарды бийликтин эсине салат. Үчүнчү серепте Кыргызстан журналисттерди коргоо иштерин күчөтүү, онлайн да, оффлайн режиминде да жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды кабыл алган. АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандагы бардык тиешелүү тараптарды журналисттерди жана ЖМК кызматкерлерин коргоого, Жалпы мезгилдүү серептин алкагында ЖМКнын эркиндигин коргоо боюнча милдеттенмелерин сактоого чакырат.

Маалыматка жеткиликтүүлүк

4-октябрда айрым шайлоо тилкелерине журналисттердин кирүүсүнө тыюу салынышы менен Кыргызстан элинин коомдук кызыкчылыкты жараткан маалыматка жетүү укугу бузулган. “Кактус Медиа” кабарлагандай, Ош шаарындагы шайлоо тилкесине ЖМКнын өкүлдөрү киргизилген эмес. 24.kg жаңылыктар сайты 6-октябрда кечинде болгон окуяларды чагылдыруу үчүн журналисттерге “Достук” мейманканасына кирүүгө тыюу салынганын кабарлады.

Мамлекет шайлоо учурунда калктын жетиштүү маалымат алышына кепилдиктерди берүүгө тийиш, анткени бул добуш берүүдө ойлонуп, салмактап чечим кабыл алуу үчүн гана эмес, ошондой эле шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн да өтө маанилүү. АРТИКЛЬ 19 Кыргызстан бийлигин жана бардык тиешелүү тараптарды журналисттер менен ЖМК кызматкерлерин болуп жаткан окуялар жөнүндө эркин жана сын көз менен кабарлап турушун камсыз кылууга чакырат.

Санарип технологияларга жеткиликтүүлүк

Бишкекте 6-октябрга караган түнү өткөн нааразычылык акциясы маалында Интернеттин жана телекоммуникациялардын иши үзгүлтүккө учураганы тууралуу кабарлар да өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Буга байланыштуу “Мегаком” мобилдик байланыш оператору “Твиттерде” билдирүү жасап, муну “тейлөө кызматтарын жакшыртууга багытталган профилактикалык иштер” деп түшүндүргөн. Медиа Полиси Институту Кыргызстандагы башка ММК өкүлдөрү менен биргеликте, ”Мегакомду” нааразычылык акциялары маалында профилактикалык иштерди жасоо тууралуу чечимин негиздеп берүүгө чакырып, муну байланышка жеткиликтүүлүктү чектөө жана жарандардын пикир билдирүү эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузуу катары баалаган.

Интернеттин үзгүлтүккө учурашы жана өчүрүлүшү пикир билдирүү эркиндигинин эл аралык стандарттарын бузуп, калктын Интернеттен маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Мындай чектөөлөрдүн нааразычылык акциялары учурунда колдонулушу олуттуу тынчсызданууну жаратууда жана АРТИКЛЬ 19 кыргыз бийлигин жана бардык тиешелүү тараптарды санарип технологияларына, анын ичинде Интернетке жана телекоммуникация кызмат көрсөтүүлөрүнө, айрыкча нааразычылык акциялары учурунда толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга чакырат.

АРТИКЛЬ 19 Кыргызстандагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантат жана ушул кооптуу мезгилде бийликти жана башка тиешелүү тараптарды журналисттердин жана ЖМК кызматкерлерин коргоону, пикир билдирүү эркиндигин, маалымат алууга укукту жана нааразычылык акциясын өткөрүүгө укукту камсыз кылууга чакырат.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Анын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун гана жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.