КЫРГЫЗСТАН: ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ТУРУУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ

КЫРГЫЗСТАН: ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ТУРУУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ - Protection

Бул анализди АРТИКЛЬ 19  азыркы кезде Кыргызстандын Өкмөтү “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдүн долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) боюнча кызыкдар тараптар менен өткөрүп жаткан коомдук талкууга салым катары даярдады. Мыйзам долбоорун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан, анын максаты “терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы республиканын ченемдик-укуктук актыларын шайкеш келтирүү” болуп саналат. Ал коомдук талкууга 2020-жылы март айынын аягында, өлкөдө COVID-19 пандемиясынын айынан өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин коюлган эле.

Биз Мыйзам долбоорун сөз эркиндиги боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттерине шайкеш келтирүү үчүн кыйла оңдоп чыгуу зарыл деген жыйынтык чыгардык. Себеби ал терроризмге каршы күрөшүү жаатында пикир айтуу эркиндигин толук жокко чыгарганга тете болуп жатат. Маалыматтар жана пикирлер үчүн анда коюлган чектөөлөр ушунчалык кууш болгондуктан, расмий версияга бир аз эле дал келбеген сынчыл пикирлер же терроризмге каршы күрөшүү жаатында мамлекет уруксат берген чекке сыйбаган каалагандай маалымат мыйзамга каршы деп бааланып, тыюуга кабылышы ыктымал. Мунун айынан терроризмге байланышкан маселелер боюнча пикир айтуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, атап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын коом үчүн ушунчалык орчундуу болгон чөйрөдө коомдук байкоочулук милдетин аткаруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

АРТИКЛЬ 19 терроризмге каршы мамлекеттин бардык чаралары (жалпы саясаттан тартып конкреттүү антитеррордук операцияларга чейин) жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом жана бүтүндөй коомчулук тарабынан кылдат, көз карандысыз текшерилип турууга тийиш деп баса белгилейт. Пикир айтуу эркиндиги демократиялык эркин коомдун өзөгү гана эмес, адамдын башка укуктарын жүзөгө ашыруу каражаты жана ачык-айкындык, эсеп-чоттуулук принциптерин жүзөгө ашыруунун зарыл шарты да болуп саналат. Демек, Мыйзам долбоорундагы пикир айтуу эркиндиги менен мамлекеттин өз жарандарынын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо милдетинин ортосундагы карама-каршылык жөнүндөгү негизги тезис жалган, анткени террорго каршы күрөшүү саясаты жана практикасын адам укуктарына шайкеш келгидей майнаптуу ишке ашырууга тоскоол болот.

Бул анализ каралып жаткан Мыйзам долбоору менен чектелет. Бирок пикир айтууну чектеген көп жагдайлар азыркы колдонулуп жаткан “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда, алардын ичинен Жазык кодексинде да бар экендигин белгилей кетели. Бул талдоодо колдонуудагы кайсы бир мыйзамдар өзүнчө каралбаса да, биздин корутундулар жана сунуштар Мыйзам долбоорунун төмөндө талкууланып жаткан жоболору учурдагы мыйзам менен жарым-жартылай дал келген учурларда ага да тиешелүү болот. Бул Мыйзам долбоору кайсы бир даражада артка чегинген кадам болуп саналат, анткени террордук иш-аракеттердин кыйла кеңири жана кош маанилүү аныктамасын жана ЖМК үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизип, тыюу салынган кеп-сөздөрдүн тизмесин узартууга умтулууда. Бул Мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу эле жетиштүү болбойт, анткени муну менен колдонуудагы мыйзамдардын олуттуу кемчиликтерин жоюу мүмкүн эмес.

АРТИКЛЬ 19 өкмөттү бул Мыйзам долбоору биротоло иштелип чыкканга чейин анын адам укуктарына тийгизчү таасирин ар тараптан кылдат баалап көрүүгө чакырат. Биз  Мыйзам долбоорунун учурдагы версиясынын пикир айтуу эркиндигине тийиши ыктымал кесепеттерин баса белгилеп, ушул анализ бул маселени чечүүгө кереги тиет деп үмүт кылабыз. Биз өкмөттү азыркы мыйзам базасын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп, аны Кыргызстандын пикир айтуу эркиндиги жаатындагы милдеттерине шайкеш келтирүүгө чакырабыз.

 

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында которулду.Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдөэле чагылдыра бербейт.