Кыргызстан: ЖМК жөнүндө мыйзамдардын реформалануусу

Кыргызстан: ЖМК жөнүндө мыйзамдардын реформалануусу - Media

Бул маалымат документи Кыргызстандагы улуттук кызыкдар тараптардын өлкөдөгү ЖМК жөнүндө мыйзамды реформалоону илгерилетүү аракеттерине көмөктөшүүгө багытталган. Ал АРТИКЛЬ 19 тарабынан эксперттик изилдөөлөргө жана талдоолорго негизделип, сөз жана ЖМК эркиндигинин маселелери менен алектенген Кыргызстандагы Медиа Полиси Институту өкмөттүк эмес уюму менен биргеликте даярдалган.

Медиа Полиси Институтунун өтүнүчүнө ылайык, бул маалыматтык документке киргизилген колдонуудагы мыйзамдарды талдоо, негизинен, 1992-жылдагы жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам (ЖМК жөнүндө мыйзам) менен гана чектелет. ЖМК жөнүндө мыйзам бардык улуттук маалымат каражаттарынын иштеши үчүн жалпы негиз түзүүгө багытталган. Ал журналисттердин укуктары, аудиовизуалдык маалымат каражаттары жана коомдук көрсөтүү боюнча башка атайын адистештирилген мыйзамдар менен толукталган. Кыргызстандагы ЖМКнын эркин жана көз карандысыз иш алып барышына ЖМКга тикелей тиешеси жок ар кандай мыйзамдар дагы түздөн-түз таасир этет. Алардын катарына «Маалыматка жетүү жөнүндө» мыйзам жана Жарандык кодекстин каралоо (диффамация) жөнүндөгү жоболору кирет. Терроризмге жана «экстремизмге каршы» кеңири мыйзамдар сөз эркиндигине жана медиа-контентке катаал жана өтө көйгөйлүү чектөөлөрдү киргизет.

Бул маалыматтык документте бардык ЖМКларга тиешелүү болгон ченемдик жөнгө салуу жааттары талдоого алынат. Алар аталган документтин алкагында, негизинен, ЖМК жөнүндө мыйзамдын конкреттүү жоболоруна байланыштуу талкууланат.

АРТИКЛЬ 19 жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте улуттук деңгээлдеги кызыкдар тараптарга маалымат каражаттарынын бардык түрлөрүн жөнгө салуучу алкактык мыйзамдын керектүү мыйзамдык таяныч болуп саналарын же андай эместигин карап чыгууну сунуш кылат. ЖМК жөнүндө мыйзам азыркы колдонулушунда көп жагынан жеткилең эмес экендиги белгилүү. Кыргызстандын азыркы абалында, АРТИКЛЬ 19 медиа уюмдардын жана журналисттердин жетиштүү корголушун камсыз кылуу үчүн бул кемчиликтерди жакын арада жөнгө салуу учурдагы мыйзамдарды реформалоодон көз каранды экендигин түшүнөт.. Ошентсе да, биз ЖМК жөнүндө мыйзамдарды реформалоонун кыйла натыйжалуу стратегиясы ЖМКнын белгилүү бир түрлөрү (мисалы, телерадиоберүү) үчүн атайын адистештирилген мыйзамдарды иштеп чыгууга же өркүндөтүүгө же ЖМКга байланыштуу конкреттүү маселелерге (мисалы, интернет ортомчулары үчүн жоопкерчилик шарттары), ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өзгөчө болгон тармактар ​​аралык маселелерди караган ЖМК мыйзамдарына (мисалы, жалаа жабуу же контентти чектөө) көңүл буруу керек деп эсептейбиз.

Кошумча түрдө АРТИКЛЬ 19 улуттук мыйзам чыгаруучуларга жана саясатчыларга төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • Басма сөз, телерадиоберүү жана электрондук ЖМК үчүн өзүнчө жөнгө салуучу режимдерди иштеп чыгууга көңүл буруу менен ЖМКны жөнгө салууга айырмалуу ыкманы кабыл алуу керек.
  • Бир гана телерадио берүү талап кылынган деңгээлде жана мүмкүн болушунча азыраак кийлигишүү аркылуу мыйзамдык жактан жөнгө салынууга тийиш. Ошол эле учурда ЖМКнын ички иш ыкмалары жана алардын милдеттери өзүн-өзү жок дегенде жарым-жартылай жөнгө салып турушу керек. Бул ЖМКны жана алардын кызматкерлерин чектөөдөн жана башкаруудан баштап, алардын институционалдык көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана сөз эркиндигин коргоого жана камсыз кылууга чейин ЖМКны жөнгө салууну кайрадан аныктоону да камтыйт.
  • ЖМК плюрализмин камсыздоо үчүн, айрыкча атаандаштык мыйзамы аркылуу ЖМКга ээлик кылуу максатында мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу кажет. Бул маалымат каражаттарына ээлик кылуу жана каржылоо жаатында ачык-айкындыкты жана ЖМК ээлеринин таасиринен анын редакциялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу талаптарын камтышы керек.
  • ЖМКнын коомдук көзөмөлдөө милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн коргоо үчүн кошумча мыйзамдык чараларды кабыл алуу керек. Мында ЖМК жөнүндө мыйзамда каралгандан маалымат булактарын кыйла катуураак коргоо механизми камтылат. Бул коомдун кызыгуусун жараткан билдирүүлөргө карата жалаа жабуу дооматтарынан кошумча коргоону да камсыз кылат.
  • Учурда ЖМКга тиешеси жок мыйзамдардагы (мисалы, Жазык кодексинде жана «Экстремисттик ишмердикке каршы иш жүргүзүү жөнүндө» мыйзамда) пикир билдирүүгө болгон чектөөлөрдү олуттуу түрдө кайра карап чыгуу менен, ЖМК үчүн контенттин бардык чектөөлөрүн жокко чыгаруу керек. Чектөөлөрдүн бардыгы ЖСУЭПтин 19 (3)-беренесине ылайык, өлчөмдөштүк критерийлерине шайкеш келиши керек.
  • Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото туруу жана жабуу эң өзгөчө учурларда жана өзгөчө мыйзамсыз одоно жүрүм-турум үчүн гана акыркы чара катары колдонулушун камсыздоо кажет.

Бул жалпы сунуштамалар төмөндө бериле турган талдоодо кеңири баяндалган. Бирок көтөрүлүп жаткан маселелер кенен болгондуктан, бул документте алардын айрымдарынын татаалдыгын толугу менен ачып берүүгө мүмкүн эмес. АРТИКЛЬ 19 зарылчылыкка жараша ЖМКны жөнгө салуунун конкреттүү өӊүттөрүнө кошумча тереңдетип анализ берүүгө даяр.

 

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында которулду.Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдөэле чагылдыра бербейт.