Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында пикир билдирүү эркиндигинин абалы

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында пикир билдирүү эркиндигинин абалы - Transparency

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо жана анын жыйынтыктары сөз жана маалымат эркиндигинин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигинин сакталышын камсыз кылуу зарылдыгын көрсөттү. Эркин жана акыйкат шайлоо менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги эгиздей болуп жүрөт, булар демократиянын өзөгүн түзөт. Шайлоо – бул акыйкат шарттарда добуш берүү гана эмес, бул ошондой эле жарандардын талапкерлер, партиялар жана алардын саясий платформалары жөнүндө маалымат алышын камсыз кылуу, ошондой эле талапкерлерге өз идеяларын жана саясатын шайлоочуларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берүү дегенди да билдирет. Акыркы бир нече он жылдыкта санариптик технологиялар шайлоого да, пикир билдирүү эркиндигине да чоң өзгөрүүлөрдү киргизди. Мындан улам мамлекеттер шайлоо маалында социалдык тармактарда айтылган ой-пикирлерди сыйлап, коргоого тийиш.

Ошентип, ушул маалыматтык документте АРТИКЛЬ 19 биринчи кезекте шайлоого карата колдонулган сөз эркиндигинин негизги эл аралык стандарттарын сүрөттөйт. Андан кийин 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоого чейинки мезгилде Кыргызстандагы мыйзам чыгаруудагы жана саясаттагы маселелер, бул мыйзамдарды колдонуудагы негизги көйгөйлөр чагылдырылат. Төмөндөгү тиркемеде АРТИКЛЬ 19 өткөөл саясий процессте ЖМКнын ролун, нааразычылык акциясына чыгуу укугунун айрым өңүттөрүн жана Интернетте журналист аялдардын коопсуздугун талкуулап, ошондой эле Кыргызстандагы тиешелүү кызыкдар тараптарга кошумча сунуштамаларды берүү үчүн ушул брифингди толуктоону чечти.

Бул брифингде өлкөдөгү сөз жана маалымат эркиндигине тиешелүү бардык окуяларды ар тараптан чагылдырып берүүгө аракет жасалбайт; тескерисинче, негизги тенденцияларды аныктап, сөз эркиндиги көз карашынан алганда өнүгүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу биздин максат болуп саналат. Бул Кыргызстандагы олуттуу укуктук жана саясий чакырыктарга каршы турууга багытталган дебаттарга маалыматтык салым кошуп, келечекте бул жааттагы реформаларга жардам берет деп ишенебиз.

 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Медиа Диалог долбоорунун алкагында даярдалады. Басылманын мазмуну АРТИКЛЬ 19дун жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын сөзсүз түрдө эле чагылдыра бербейт.