Вирус калпы: жалган маалымат жана коронавирус

Вирус калпы: жалган маалымат жана коронавирус -

Соӊку үч айда жаӊы коронавирус штаммы козуткан COVID-19 илдети бүт дүйнөгө жайылды. Вирустун таралышы туура эмес маалымат менен, ошондой эле кытай жана азиат тектүү адамдарга каршы багытталган “кастык тили» менен коштолду. Эпидемия пикир айтуу эркиндигине да зыян тийгизди, анткени айрым өкмөттөр бул маселени чечүү жана каатчылыкты жөнгө салуу үчүн цензураны, камакка алууну жана башка жазалоо чараларын колдонуп жатат.

Февраль айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) COVID-19га байланыштуу жайылып, элди адаштырган жалган маалымат агымына – “инфодемияга” тынчсыздануусун билдирди. Социалдык желелердеги вирустан айыктырат деп шектүү дары-дармектерди мактаган, вирустун таралуусу жөнүндө такталбаган маалымат жана кутумчулук теориясы жөнүндөгү имиштер кадыр-барктуу булактардан алынуучу маалыматка салыштырмалуу өтө көп жайылтылып жатат. Мындай маалымат кез-кезде салттуу маалымат каражаттарынын кабарларына да аралашып кетүүдө. Жалган маалымат көпчүлүк учурларда саясатчыларды алагды кылып, өкмөткө болгон ишенбөөчүлүктү күчөтүп, коомчулукту карбаластатып коюуда.

COVID-19дун тез жайылышы дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө коркунуч жаратып, басмырлоо жана жектөө мамилесине шыкак болду. “Кастык тили» багытталган айрым кишилер жана коомдоштуктар жек көрүмчүл кепсөздөрдүн айынан кемсинтүүгө жана зомбулукка кабылышыбыз ыктымал деп кооптонушат.

Бул маселелерди чечүүгө умтулган өкмөттөр кээде катуу жана жүйөсүз ыкмаларды колдонушат. Кытайдын COVID-19 вирусунун пайда болгону жөнүндө ачык кабарлоого тыюу салуу аракети илдеттин баштапкы жайылышына карата баштапкы чараларга тоскоол болду. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү COVID-19 жөнүндө жалган болушу ыктымал делген маалыматты тараткандарды жазалоого, камакка алууга басым жасашты. Ирандын бийлиги бул вирус жөнүндө маалымат жайгаштырган социалдык желе колдонуучуларын камакка алып, илдеттин жайылышы жөнүндөгү маалыматты жаап-жашырып турду.

Көз карандысыз журналистика, жарандык кабарлоо иштери, ачык-айкын талкуулар жана маалыматтын эркин таратылышы COVID-19га каршы бүткүл дүйнөдө ийгиликтүү күрөш жүргүзүү үчүн зарыл. Өкмөттөр илдеттин тез жайылышына каршы саясатты жана чара көрүү жолдорун иштеп чыгышы, пикир айтуу эркиндигин жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздашы керек. Туура эмес кабарларды таратууга жана “кастык тилине” карата цензурага жана жазык жазаларына басым

кылган усулдардын ордуна ЖМКнын ачык-айкындыгына жана эркиндигине жол ачкан усулдарды колдоо керек.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык желелер да COVID-19 менен байланышкан туура эмес маалыматтардын таратылышына жана “кастык тилине” каршы күрөшкө көмөк көрсөтүшү кажет. Журналисттер маалыматты так жана бурмалоосуз кабарлап турушу, үгүт өнөктүктөрүн жара расмий куугунтук учурларын иликтөөгө тийиш. Ошондой эле чындыкты калыбына келтирүү жана жалган маалыматтарды төгүндөө укугунун барлыгын унутпоо зарыл. COVID-19 жөнүндө так, анык маалыматтарды таратууга өбөлгө түзүү үчүн социалдык желелер ДСУ жана саламаттык сактоо органдары менен кызматташууну улантышы кажет. Алар туура эмес маалыматтардын таратылышына жана “кастык тилине” каршы багытталган иш-аракеттер так жана түшүнүктүү стандарттарга негизделерине, талаптагыдай жол-жоболор менен бекемделерине кепилдик бериши керек.

брифингдин толук текстин бул жерден окуңуз

Posted In